Баланы 5 жашка чейин “ханыңдай сыйла»

Баланы ата-энеси менен коомчулукту сыйлаган, өзүн-өзү жана үй-бүлөсүн камсыз кылуу үчүн болушунча эмгек кыла алган жана жакшы инсан болууга үйрөткөн тибет калкынын бала тарбиялоо ыкмасы өзгөчө. Бул улуттан баланы кандай тарбиялоо керек экини тууралуу көп нерсени үйрөнсөк болот.

Тибет калкынын бала тарбиялоодогу башкы эрежелери:

Эң башкысы – эч кандай жазалоо менен дене жаракатына жол жок!

Биринчи кадам – 5 жашка чейин. Баланы төрөлгөнүнөн баштап 5 жашка толгончо «ханыңдай сыйлашыңыз» керек. Эч нерсеге тыюу салууга болбойт. Болгону бир нерсени сындырганы жатса, көңүлүн башка нерсеге буруп, жиберүү гана керек. Ал өзүнүн эмне сындырып жатканын өзү билбейт. Мисалы, бала кымбат идишти сындырып алды дейли. Ал зат апасы үчүн орду бөлөк экени, аны чет жерден атайы тапшырыш менен алдырганы баланын мээсине жетпейт. Анткени анын ойлонуу системасы жетиле элек. Ушул иши үчүн баланы жазалай турган болсок, ал муну уруп-согуу деп кана түшүнөт.

Экинчи кадам – 5 жаштан 10 жашка чейин. Бул жылдар аралыгында балага “кулуңдай” караш керек экен. Ага алы келгенче тапшырманы үйүп берип, аны аткаруусуна катуу талап койгон оң. Аткарылбаган тапшырмалар үчүн жазаласа да болот. Болгону денесине жаракат тийгизүүдөн алыс болуу керек. Ошондо бала акыл-эстүү, зирек, азамат болуп өсөт. Бала өз аракетине башкалардын кандай көз караш менен карарын билүүнү үйрөнүшү кажет. Бул убакытта баланын санаасына оорчулук келтирип алам деп ойлоонун кереги жок.

Үчүнчү кадам– 10 жаштан 15 жашка чейин. Бул жаштагы баланы өзүңүз менен тең көрүп, мамиле куруңуз. Бул жерде «тең» сөзүнүн мааниси башка: сиз да, балаңыз да билим алууга, тажрыйба алууга тең чамалуусуңар. Аны менен сүйлөшкөндө түрдүү темада ой-пикириңизди бөлүшүңүз. Анын пикирин сурап, маселенин чечимин чыгаруу үчүн башка кырдан карап көрүүгө аракеттениңиз. Баладан көйгөйдөн чыгуу үчүн кандай жолдорду караштырарын сурап, өзүңүз чече албай жаткан маселеге анын да жардам берүүсүн сураңыз. Эгер сизге баланын аракети менен кылыгы жакпай жатса, бирден ачууланып, урушуп салбай, башка жолдор аркылуу түшүндүрүп көрүңүз. Ошондо ал жалакай болбой өсөт.

Акыркы кадам– 15 жаштан баштап. Бул жылдарда балага жалаң гана сый менен кароого милдетүүсүз. Аны эми тарбиялаймын деп убара тартпаңыз. Эми сизге өз тарбияңыздын жемишин көрүү гана калды.

Эгер ушул кадамдардан ийгиликтүү өтүп кетсеңиз сизди жана балаңызды эмне күтүп турат?

— Эгер баланы 5 жашка чейин табалай турган болсоңуз, сиз анын келечектеги жашоого деген максаты менен сүйүүсүн басып таштаган болосуз. Кичинекей чагынан кордук көрүп өскөн бала чоңойгондо да башкаларга ошону көрсөтөт.

— Эгер 5 жаштан кийин да балаңызга «ханга карагандай» карап, эркелетип, төбөңүзгө көтөрүп өстүрө берсеңиз, ал беймарал жана жоопкерчиликсиз болуп өсөт. Ушунун кесепетинен ата-эненин мойнуна асылып алып, эмгектебей жалкоо болуп калат.

-Эгер балага 10 жаштан кийин да кичинекей наристе сыяктуу карай бере турган болсоңуз, ал өз-өзүнө ишенимсиз болуп өсөт.

-Эгер балага 15 жаштан кийин урмат-сый менен карабай турган болсоңуз, ал ар убакта өз үй-бүлөсүнөн качып кетүүгө даяр турат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу