Баланы техникалык каражаттан алыстатуунун беш жолу…

Жашообузду компьютерсиз, чөнтөк телефонсуз жана планшетсиз элестете албай калдык. Айрыкча жаш балдар техникалык каражатты бат өздөштүрүүдө. Ага утурлай интернет менен билимге сугарылуунун ордуна түрдүү оюндардын курманы болуп, убактыларын бекерге өткөрүүдө.

Учурда 3-4 жаштагы балдар компьютерди ачып башкара ала тургандыгына таң калбай деле койсок болот. Ошентип отуруп баланын компьютерге болгон көз карандылык оорусу пайда болот. Айрыкча 10 жаштан ашкан баланы көз каранды болуп калуунун алдын алуу керек.

Компьютердик көз карандылык деген эмне?

Адамдардын чыныгы жашоого кызыгы болбой, виртуалдык жашоодо жашап калуусу. Айрыкча жаш балдар үчүн өтө кооптуу. Анткени алар дүйнөгө жаңыдан көз карашы калыптанып жатканда, алар бардык нерселерди бат кабыл алат. Ошондуктан, алардын психикасына түздөн-түз таасир этет.

Компьютердик көз карандылыктын түрлөрү

Оюндук (Игровая)-мында балдар бир гана компьютердик оюндар менен жашап калат. Алардын тамакка табити болбой, сабактарын аткарбай жана достору менен иши болбой калат.

Желелерде гана убактысын өткөрүү (Сетеголизм)

Айрыкча жеткинчектер убактысынын дээрлик бардыгын кат жазышуу менен өткөрөт. Аларга адамдар менен жандуу баарлашууга караганда, интернет чаттарында сүйлөшүү кызыктуу болот.

Интернет-серфинг

Бир сайттан экинчи сайтка секирүү. Мында балдардын жаңы өөрчүп келе жаткан көз карашы, түрдүү маалыматтарга кабылып психикасына түздөн-түз терс таасир берет.

Кантип арылуу керек?

Балага убакыт чектөө. Күнүгө бир убакытты белгилеп коюңуз.

Анын оюн сиз түшүнүп, уга билиңиз. Балаңыз чыныгы жашоодо эмне каалап жатат, эмне жетишпей жатат сууроосунун тегерегинде анализ жүргүзүң.

Демейде, бизге жолтоо болбош үчүн балдарыбызды алаксытыш үчүн чөнтөк телефонубузду берип коёбуз. Бул жол негизи туура эмес.

Балаңыз менен таза абада көп сейилдеңиз. Анын кызыккан нерсеси менен чогуу алек болуңуз. Ага күнүгө көңүл бурууну унутпаңыз.

Эгер сиз айткандарды да балаңыз укпай жасабай жатса, анда психолог адистерине кайрылыңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу