Баланын өзүнө болгон ишенимин кантип арттырса болот?

Ар бир эле ата-эне баласынын акылдуу, күйүмдүү, өзүнө ишеними бекем болуп чоңоюшун каалайт. А бирок, ошол эле учурда алар балдарына мыкты тарбия берем деп, баласын улам аны кылба, муну кылба деп жатып, баланын өзүнө ишеними жок болуп чоңойгондор дагы жок эмес.

Баланын өзүнө болгон ишенимин арттырууда төмөнкү кеңештер сизге жардамчы болмокчу.

1.Эң алгач эле балаңызга өзүңүз өрнөк болуңуз. Анткени бала сиздин жүрүм-турумуңузга карата түздөлөт.

2.Балаңыздан кечирим сурагандан чарчабаңыз. Бул ыкма менен балаңызга сиз канчалык көңүл бөлгөндүгүңүздү жана анын жасаган катачылыгын кантип оңдоо керек боюнча багыт берген болосуз.

3.Балаңыздын өз алдынча болуусуна уруксат бериңиз. Мисалга, анын өзүнүн бөлмөсүн өзү жыйноосуна, сумкасын чогултканга, бут кийимин өзү байлоосун өзү аткарганга уруксат бериңиз.

4.Ар бир баланын курагына жараша тепкич баскычтарын басып өтүүсү абзел. Мисалга, белгилүү бир жашта лифтке өзү чыгуусуна, автобуска чыгуусуна жана дарактарга чыгуусуна уруксат бериңиз.

5.Эгер балаңызды бирөө урса, анда балаңызга дароо аны дагы ур дегендин ордуна, алгач ал балага эскертүү бериңиз, колдон келсе андан узак тутуңуз. Мындай тажрыйба жардам бербей жатса, анда балаңызды өзүн-өзү коргой билүүсүн үйрөтүңүз.

6.Балаңызды спорт жана музыка менен алектенүүгө жаштайынан үйрөтүңүз. Балаңыз ар кайсы конкурстарга катышып, бирде жеңип, бирде жеңилип отуруп өзүнө болгон ишеними артат.

7.Кыскасы баланын эмне каалап жаткандыгын ата-эне жүрөгү менен сезүүсү кажет.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу