Баланын туура тамактануусун кантип камсыздоого болот?

Эс алуу үчүн курортту тандаган кезде эң эле маанилүүсү балдардын туура тамактануусу. Диеталык рациондун болушуна көңүл бөлүңүз. Ал үчүн:

Тамактануу режимин сактаңыз

Жаңы климат – бала организми үчүн стресс. Ошондуктан баланын адаттагы тамактануу режимин сактаныңыз. Эгер бала курортко биринчи келген күнү аз тамак ичсе, суюктукту көбөйтүңүз жана күндүн көзүнө көп чыгарбаңыз.

«Курортто баланын ашказаны оорубашы үчүн анын кандай тамактанып жатканына көңүл бөлүңүз. Табигый азыктарга басымдуулук кылыңыз.

Көнгөн тамактар менен жер-жемиштерди тандаңыз

Баланын эртең мененки тамагына ботко, йогурт, жаңгак менен кургак жемиштер, ал эми түшкү тамагына буга бышкан эт же болбосо балык, жемиш алыңыз. Кечки тамакка жеңил тамактарды тандаган оң.

Таттууну аз жедирип, сууну көп ичириңиз

Көл жээкте баланы таттуу менен газдалган суусундуктан баш тарттыруу кыйын. Бала кийин кою тамактан баш тартпашы үчүн анын таттууну жегенине көз салып, бир аз чектөө коюңуз. Ал эми бала күнүнө бир киллограм салмакка 30 мл суу ичиши керек. Ошондуктан көл жээке барганда суу куюлган бөтөлкөнү бирге ала барып, анда-санда ичирип туруңуз.

БУЛАК:.zaman.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу