Баланын тиши чыгып жатканда эмне кылган туура?

Наристенин алгачкы тиштери чыга баштаган кез бала үчүн да, эне үчүн да өтө түйшүктүү. Тиштин бүйлөсү ооругандыктан, бала күнү-түнү тынчсызданып, шилекейи агып, бир аз дене табы көтөрүлүп, колуна тийген нерсени тиштегилеп, кээде ичи өтүп, ыйлаак да болуп калат. Мындай учур 6 айдан 9 айга чейинки ымыркайларда кездешет. Айрым учурларда жогорудагы белгилердин бири да байкалбай эле тиши чыккандар дагы жок эмес. Алгач алдыңкы эки кашка тиши, анан үстүңкүсү, кийинчерээк анын жанындагы тиштер болуп отуруп, бир жашка чыкканча балага 6-8 тиш чыгышы керек.

Ал учурду кыйынчылыксыз өткөрүү үчүн эмне кылган жакшы?

Муздак нерсе пайдалануу

Чүпүрөккө кичинекей муз салып, баланын чыгып жаткан этине (бүйлөсүнө) сүртсө ооруну бираз болсо дагы басат.

Таза сууланган сүлгү

Таза сууланган сүлгүнү балага берип койсоңуз, ал чайнагылап ооруну басат.

Бал менен майлоо

Баланын тиши чыгып жатканда, анын кызыл этине бал дагы сүйкөсөңүз болот. Бала балды жеп койбош үчүн, аз-аздан сүйкөп турган жакшы. Балга аллергиясы жок балага түнкүсүн бир чай кашык бал берип коюңуз. Бул ыкма баланы түн ичинде тынч уктоого дагы жардам берет.

Тынчтандыруучу чай

Тынчтандыруучу чайды эне дагы, бала дагы ичсе абдан пайдалуу. Ромашка, жалбыз жана лаванда гүлүнөн бирдей өлчөмдө алып, кайнак суу куюп 15 мүнөт тыныктырып коёсуз. Кийин аны сүзүп алып, суусун каалагандай ичсе боло берет.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу