Баланын талантын ачуунун алты сыры…

Ата-эне балдарынын акылдуу, зирек болуп чоңоюшун каалаганы менен ар баланын кабыл алуу жөндөмү ар кандай. Сиздин назарыңызга балдардын жөндөмдүүлүгүн арттыруудагы төмөнкү алты кеңешти сунуш кылабыз.

1.Баланын талантын эки жаштан баштап өркүндөтүүгө болот. Себеби, балдар дал ушул куракта акыл-эси менен кошо көрүү, сезүү туюму кошо өсөт. Мына ушул убактан баштап, айланада болуп жаткан ар бир кубулушту түшүндүрүп айта бериш керек.

2.Баланын акыл эсин өөрчүтүүчү оюнчуктардын топтомун тандаңыз.

3.Дал ошол оюнчуктар баланын курагына да шайкеш келүүсү абзел. Мисалга, түшкө чейин баланын акыл-эсин өөрчүтүүчү оюнчуктардын топтомун бериңиз. Ал эми түштөн кийин, чыгармачылык менен алектенчү оюнчуктардын топтомун бергениңиз оң.

4.Бала менен карым-катнаш эркин, түшүнүктүү жана жылуу болуш кажет.

5.Балдар ойноп жатканда аларга тоскоолдук жаратпоо керек. Өз ою жана кыялы менен болгону жакшы.

6.Эгерде балаңыз кайсы бир багытты тандай албай, катылган таланттары ачылбай жатса, анда түрдүү ийримдерге бериңиз. Маселен, бийге, спортко же чыгармачылык менен алектенчү ийримдердин топтомуна.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу