Баланын кызыгуусун арттыргыңыз келсе…

Күнүмдүк жашоодо ата-энелер өз тиричилиги менен убара болуп, балдарына жетишээрлик көңүл бөлө албай калышат. Мындай абалдан чыгып, балдарыңызга көңүл бөлүүчү кеңештерди сизге сунуш кылабыз.

Балаңыз менен чогуу тамак бышырыңыз

Негизинен эле күнүмдүк жашоодо бала менен чогуу убакыт өткөргөн убакта ашыкча стресске баткандай сыяктанабыз. Ал нерсени оор көрбөстөн, балаңыз менен биргеликте ашканада чогуу жеңил тамактарды жасаңыз. Мындай абал менен сиз балаңыздын кызыгуусун арттырып жана анын тамак жасаганга үйрөткөн болосуз.

Үй-бүлөңүз менен чогуу киного көрүүгө барыңыз

Учурда анимациянын жардамы менен абдан кызыктуу кинолор чыгып жатат. Өзгөчө азыркы коомдун балдары кинотеатрдан кандай кинолор кызыктуу экендигин билишет. Демек мындай шартта балаңыз сиздин жардамчыңыз болмокчу.

Биргеликте китеп окуңуз

Баланы китепке кичинесинен кызыктыруу абдан пайдалуу. Ал анткени китеп менен дүйнө таанымы өзгөрөт.

Табият койнунда эс алууга чыгыңыз

Дүйнөдө биз билбеген дагы көп маалыматтар бар. Аларды сиз сейилдөөгө балаңыз менен чогуу чыкканда көрө аласыз.

Баланын жөндөмдүүлүгүн таба билиңиз

Ар бир бала дээринен бир нерсеге жөндөмдүү болот. Мисалы, кээ бирөө спортко, айрымдары бийге кызыгат ж.б.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу