Баланын коркок болушунун негизги себептери.

Баланын коркоктугу жашына байланыштуубу? Же болбосо сиз анын кээ бир маселелерине көңул бурбагансызбы? Баланын коркоктугу ага канчалык зыяндуу? Жооп издеп көрөлү.

Коркоктуктун зыяндары:

— Бала коркок болсо, болушунча түнт болуп калат.
— Досу да аз болот.
— Өзү каалаган нерсени сурай албайт.
— Адамдар менен катышы эркин болбойт.
— Өзүнүн жеке пикири болбойт.

Коркоктуктун себептери:

— Ар дайым кездешкен бир себеп, ата-энесинин үй-бүлөдө балага өтө катуу мамиле кылуусу. Балага эч качан өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бербөө.
— Баланы сыртка көп алып чыкпоо, үйдө буулугуп өскөн бала сыртка чыгуудан, сырттагы адамдар менен сөйлөшүүдөн жазганып турат.
— Атасы менен сүйлөшүүдө. Эненин орду албетте бөлөк. Окумуштуулар кичинекей чагынан бери атасы менен сүйлөшпөгөн, алыс болгон баланын коркок болушу кооптуулугу башка балдардан алда кайда кыйын экенин айтышат.
— Үй-бүлөдөгү уруш-кериш. Бул да негизги себеп. Атасы менен апасынын урушуп, согуша бериши балага чоң коркунучтуу сезимдерди пайда кылат.
— Коркунучтуу мултфильмдин таасири да зыяндуу. Бала керек болсо түндө уйкусурап,чочуп ойгонгон кездер да болуп турат. Бул коркунучтар да балага таасир бербей койбойт.

Кантип арылууга болот?

— Балага өтө оор талаптарды койбоңуз жана өтө ашырып мактабаңыз. Бала болгондой кийин өскөн сайын көптөгөн катачылыктарды кетирет. Эгер анын ар бир катасын айта берсек, бала өзүнүн ар бир ишинен тынчсыздана берет. Ката жасап жатамбы деп ойлойт. Ошентип, ар бир ишке коркуп, жазганып киришет жана аны башка бирөөнө билдиргиси келбейт.
— Балага эшике чыгарбай үйдө камап отургузууга болбойт. Башкалар менен көбүрөөк аңгемелешүүгө тоскоолдук жаратпаңыз. Ата-энеси аярлап өстүргөн балдар көпчүлүк учурда коркок чыгаары аныкталган.
— Эгер балаңыз коркок болсо, аны баатыр кылам деп өтө катуу кетпеңиз. Өзгөчө аталар. Эне баланы сөздү угууга, тартиптүү болууга тарбиялайт. Аталар энелерге караганда батылыраак, ачык, адамдар менен мамилеси жакшы, тез аралашып кете алгандай болот. Ата, өзгөчө эркек баланы өзү менен эрчитип, ар нерсеге жумшап, ошол иштин тегерегинде көбүрөөк сүйлөшкөн гана бала турмушка, өз ишине чечкиндүү кадамдарды таштайт. Бир эскерте кетүүчү нерсе, баланын коркоктугу үчүн «эмнеге мынчалык кокркоксуң?» деп урушпаңыз. Анын көп себеби өзүңүздө жатат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу