Баланын бактылуу чоңоюшу үчүн…

Балаңызга күндө кээ бир сөздөрдү айтууну адатка айлантыңыз, мындан бала күчтүу, ишенимдүү, бактылуу, эч нерседен коркпой өсөт.

1. «Мен сени жакшы көрөмүн»

Албетте, бул сөздөр ар бирибизге белгилүү. Бирок арабызда аны билип туруп, ичинде катып, айтпай же өтө аз айткан адамдар өтө көп. Бул сөздүн кудурети күчтүү. Аны болгону ата-энеси баласына гана эмес, ар бир жакындарына көп айтып туруу аркылуу өзүнүн камкорлугун, ал адамдын ага кымбат экенин билдирет. Ал эми балага келсек, бул сөздү күнүнө болгону бир жолу гана эмес, кайра-кайра айта бериңиз. Мисалы, баланы уйкудан «мен сени жакшы көрөмүн» деп ойготуңуз. Баланы бала-бакчага же болбосомектепке кетирип жатканда, тосуп алганда «мен сени жакшы көрөмүн» деп айтуудан чарчабаңыз. Ушул сөз менен аны уктатыңыз. Бала ушундан улам сиздин чын жакшы көрөрүңүзгө ишенет.

2. «Сенин бар болгонуңа кубанычтабыз»

Көп учурда ата-эне балага аны айтпаса да билет деп ойлойт. Бирок үн чыгарып атыңыз, ал балага жагып, таң калат. «Сенин барыңа кубанычтабыз» же болбосо «дал сендай баланы кыялданганбыз» деген сыяктуу сөздөрдү күндө айтып туруш керек. Бул сөздөр ага күч берип турат. Бардык адамдарда кандайдыр бир убакта өзүнө деген күмөн туулат. Ал эми мындай сөздөр аркылуу бала өзүнө ишенимдүү боло алат.

3. «Дүйнөдөгү эң сонун баласың»

Азыркы үй-бүлөлөрдө бала аз төрөлгөндүктөн, ал эми кээ бирөөлөрдө бирөө гана болгондон кийин, аны эркелетип алабыз деп көптөгөн ата-энелер балага сезимдерин ачык айта беришпейт. Бирок, коркпоңуз балага «сен дүйнөдөгү эң сулу баласың», «сендүйнөдөгү эң сонун баласың» же «сен дүйнөдөгү эң акылдуусуң» деген сөздөрдү айтып туруш керек. Эгер үйдө бир нече бала болсо, аларга ар убакта жеке же болбосо жалпысына бирдей айтып туурага аракет кылыңыз. Мындай сөздөрдү угуп өскөн бала, сабырдуу, ишенимдүү жана бактылуу боло алат.

4. «Эң акылдуу баласың»

Ар бир бала ар башка өсөт, өнүгөт, бирөөлөр эрте басып кетсе, башкалары эрте окуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, башкалар менен салыштырып, балаңызга “колунан келбейт” деген сөздү айта берүүгө болбойт. Анын жакшы жактарын айтып ашыра түшүңүз. Мисалы: «сен баарынан бат чуркайсың», «сен табышмак, ырларды бат жаттап аласың, себеби өтө акылдуусуң» жана башка ушул сыяктуу сөздөр менен балаңызга дем күч берип туруңуз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу