Баламдын кимден экенин билбейм.. Куда балам менен көңүлдөш болуп, күйөөмдүн көзүнө чөп салдым..

Куда баласы менен көңүлдөш болгон келиндин аңгемеси

Үй бүлөлүү келин өзүнүн башына өткөн махабат баянын чет элдик басылмалардын бирине баяндап берген. Ал башынан өткөн окуядан кийин уулду болуп, кимден экенин билбей башы маң болгон. Анда сөз башынан болсун. Эрлан менен кайнимдин тоюнда таанышкам. Ал кайнимдин кайын журту тарабынан туугандарынын бири эле. Жанында кыска чачтуу келген толмочураак аялы бар болчу. Тойдо бийлеп жүрүп, ара чолодо сүйлөшө калып жатып, ортобузда кандайдыр бир мамиле пайда болгонун сездим. Ардан бир жума өтпөй жолуктук. Ошону менен токтоп калбай, жума сайын жолугушуп жүрдүк.

Эрлан жазган смсти окуп жатсам күйөөм көрүп калып, ким менен жазышып жатасың?-деп калды, аба ырайы жөнүндө келиптир деп кутулдум.

Эрлан мени төшөктө ысык экенимди айтып, жалынып жиберчү. Күйөөм эч качан айтпаган сөздөрдү угуп, мен дагы андан рахат алчу элем. Ошондон кийин аялзатына жыныстык катнаштын пайдасы көп экенин түшүндүм.

Эрлан менен жолуккандан бери көңүлүм көтөрүлүп, жүзүмө күлкү пайда болуп, бир керемет сезимди алып жүргөндөй сезем өзүмдү.

Жаңы таанышкан кыз жигиттей болуп, балалык сезимдер кайра ойгонуп, бакыттан башым айланып жүргөнүмдү кимге айтаарымды билбей жүрдүм. Эрлан менен жолукканда гана өзүмдү чыныгы аял сезчү элем. Көз ачып жумгуча үч ай өтүп, боюмда болгонун билдим. Бир чети ыйлагым келди. Бирок мени кубаныч басты. Негизи күйөөм экөөбүздүн бир кызыбыз бар эле.

Ошентип, ай — күнүмө жетип уулду болдук. Бирок уулумдун кимден экенин билбеймин. Өзүмдөн өзүм жийиркенгеним менен баламды көрүп эзилип кетем.

Мунун баарынан күйөөмдүн кабары жок эле. Күйөөмдүн көзүн карасам ага боорум ооруйт. Бир чечмге келишим керек эле. Эрлан менен байланышты үздүм. Бирок оюмдан кетпей койду. Балам 6 айга келгенде Эрлан кайра пайда болду.

Ички сезимдериме түшүнбөйм. Күйөөмдү дагы ,Эрланды дагы сүйөмүн. Эрлан менен жүргөндө күйөөм, күйөөмдүн жанында жатсам Эрлан оюмдан кетпейт.

Мени күнөөлөйсүздөр, урушасыздар билемин. Бирок жүрөгүмдүн каалаганынан чыга албадым. Абдан адаштым…

Булак: «Айымдар»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу