Баламдын атасы ким экенин билбейм…Эми эмне кылсам?

Курбумдун 8 айлык боюнда бар. Москвада иштеп жүргөндө боюнда болгон. Атасы жок. Кыргызстанга келип апасына айтса, “алдыр, элге уят болобуз” деп жатыптыр. Эми эмне кылат, жардам бериңиздерчи?

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Биринчиден, баласын алдырууга абдан кеч. Кеч болсо да каттоого туруп, текшерүүлөрдөн өтсүн. Баласынын жана өзүнүн коопсуздугу үчүн жакшы. Эгерде баланы караганга мүмкүнчүлүгү жок болсо, төрөт үйүнө өз каалоосу менен тил кат жазып калтырып кетсе болот. Апасы “алдыр” деп ачууланганынан айтса керек. Мындай чоң мөөнөттө алдырууга болбойт. Атасы башка улуттан болсо, балага эч кандай зыяны жок. Курбуңуз жакшылап ойлонсун.

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу