Балалуу болгусу келгендерге кайсы тамак зыян?

Адистер изилдөө жүргүзүп, тукумсуздукка чалдыктырган тамактын түрлөрүн аныкташты.

Окумуштуулардын билдирүүсү боюнча, фастфуд менен майлуу тамактар аялдын тукумсуз болушуна алып келет.

Изилдөө жыйынтыгы “Human Reproduction” журналында жарыяланган. Изилдөөгө 6 миң аял катышкан.

Фастфуддун курамындагы заттар энелик уруктун жумушун өзгөртүп жиберет. Май, кант менен туз да репродуктивдүү органдарга терс таасир тийгизгендиктен аялдын бала көтөрүү мүмкүнчүлүгү азаят.

Адистер жер-жемиштердин дагы аялдын ден-соолугуна тийгизген таасирин аныкташты. Күндө жемиш жебеген аялдардын 12 пайызы кош бойлуу боло албасы белгилүү болду.

Ал эми фастфуд жебеген аялдар тез эле балалуу боло алышкан.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу