“Балакай катуу кетиптир!”

Кыргызстанда атам-замандан бери калган, мамлекеттин ичиндеги дагы бир
өзүнчө мамлекет болгон профсоюздар федерациясы деген уюм бар. Ал уюм өзү менен
өзү, көмүскөдөн чыкпай эле чоң-чоң иштерди кылат экен. Ал иштердин көпчүлүгү алып-
сатмай, жеп-ичмей жана кызмат талашмай. Сыртынан карапайым өңдүү
көрүнгөнү менен Федерациянын ичине кирсең оозуң ачылат.
Ар бир профсоюздук босстун астында колтойгон кычыраган жол тандабастар, болгондо
дагы эски-уску эмес, алар үчүн Lexus LX 470 жана Lexus GX 470 катардагы эле унаалар
экен. Алдыңкылары LX 570 тебишет экен. Кыскасы, сыртынан эптеп-септеп көрүнгөнү
менен профсоюздун ичи чынында май-талкан дешет. Ошон үчүн тээ алыс жактан деле
адашкандай болуп Федерацияга бийликтин эркелери “башкара туралы, ой, колдоно
туралы” деп келишет экен. КСДПчы Мирбек Асанакунов келгенден бери өзү деле араң
турган профсоюздар дүң этишти. Себеби, бирөөлөр Асанакуновду “президентке таянат”
десе, башкалар “Раиса Атамбаевага таянат” дешет. Кимисине таянса дагы, профсоюздарда бул кадр жакшы эле тайраңдаптыр. Ал ортодо кызмат берип, ай сайын
курорттордон “отметка” алчу экен деп профсоюз мүчөлөрү ич ара күбүр, шыбыр кылып
айтып жатышат.
Эми бул сапар биздин редакция Асанакунов жөнүндө кеп кылбайт. Ал
бечаранын кылыктарын бийликчил гезит-сайттардын бизден башкасынын баары эле
жазып чыкты. Акыры ал ооруканага “оорудум” деп жашынып жатып алды. Мейли жатса
жата турсун, балким эсине келээр. Тар чөйрөдө айтылган имиштер боюнча Асанакунов
баш болсо, анын биринчи орун басары төш болуптур. “Төраганын орун басары”
дегенде колтойгон, майланышкан, курсактуу жаман бир жегич адам элестетилет.
Бирок, Асанакуновдун биринчи орун басары арык бойлуу, жаркыраган-кычыраган 38
жаштагы жаш жигит Жээнбек Осмоналиев.
Кайда барбасаң ар тараптан айкырып калышат – “жаштар келсин, жаштар
иштесин”,- деп, мына профсоюздарга дагы жаштар келип абдан катуу, күжүрмөндүк
менен кыйын иштеп жатышыптыр. Жээнбек жаш болсо дагы азыркы жаштар айткандай
профсоюздун чалдарын “уктатып” салат экен. Профсоюздун кулактары катуурак абышка-
кемпирлери “Жээнбек эле Жээнбек” деп жүрүшүп, акыры аны укпасына көздөрү
жеткенби, акыры баш чайкап калышыптыр. “Эмне баш чайкап калгансыңар”, десек –
“Жээнбегибиз жегич экен” дешет. Көрсө, Жээнбектин жоруктары көп экен. Ал калыстык
тарапта болбой, жеке кызыкчылык тарапта болуп, профсоюзду тымызын жайлап
жатыптыр. Мирбек Асанакуновдун орун басары болбой эле жолун басары болуп
калыптыр.
Имиш-имиш кылбай биз фактыларга өтөлү, “Параграф” гезитинин 2017-жылдын
10- июнда чыккан санында Орунбек Чондоев деген жарандын, КР Финполициянын
башчысына жазган ачык кайрылуусунан бир аз үзүндүлөрдү келтирели.
“Жээнбек Осмоналиев Айыл-чарба комплексинин профсоюзунун
Борбордук комитетинин төрагасы болуп турган мезгилде (орун басар болгонго чейин), ал
АЧК БК Кеңешинин мүчөлөрүнүн макулдугусуз Красноармейский көчөсүндө жайгашкан
8 батирлик кызматтык үйдү сатып салган. Ага чейин ал үйгө өзү катталып алган, Жээнбек
Осмоналиев сатып алуучулардан чоң суммадагы акча жана жаңы батирлерди алган.
Сатылган үйдүн жана аны менен кошо сатылган жер тилкесинен түшкөн акчадан айыл-
чарба комплексинин профсоюзунун Борбордук комитетинин кассасына болгону 1 млн.
сом бөлдүргөн. Ал эми сатылган имарат жана анын жер тилкеси 1 млн. АКШ долларынын
тегерегинде бааланган экен. Андан тышкары Баетов көчөсүндөгү № 80 дареги боюнча
жайгашкан үйдү сатып салыптыр. Анда дагы Жээнбек айыл-чарба комплексинин
профсоюзунун Борбордук комитетине 1 тыйын дагы бербептир. Баетов № 80деги үй
боюнча АЧК БК Кеңешинин мүчөлөрү билишпептир”.
Бул бир эле жагы экен, андан тышкары Чондоев кошумчалап жазып жатат. “Ысык-
Көлдөгү “Телтору” пансионатында кызматтык 2 коттеджи өзү каалагандай колдонот экен.
Чынында анын ремонту комитеттин эсебинен болгон. Ошол эле Телторуну өзүнүн жеке
кызыкчылыгына жараша аны арендага берчү экен. Ал турсун комитеттин Кеңешинин
мүчөлөрүнө маалымдабай Телторунун ичинен бир топ жерлерди чоң суммага сатыкка
коюп салыптыр. Андан тышкары, пансионаттын ичине дагы бир бизнес “Баластан”
балдардын эс алуу жайкы лагерин уюштуруп алыптыр. “Баластанга” болсо Кыргызстан
профсоюздар Федерациясынын алдындагы эмгекчилерди ден-соолугун чыңдоо
фондусунан бөлүнгөн акчаларды колдонот экен. “Баластандан” башка өлкөнүн
аймактарында жайгашкан чала иштеген же такыр эле иштебеген балдардын “өлүк”
лагерлерине Осмоналиев фонддон бөлүнгөн акчаларды жумшап, өз чөнтөгүнө бурат”,-Орунбек Чондоевдин айтканына караганда, Жээнбек Осмоналиев
профсоюздар Федерациясынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн колдонгондон тышкары
мурун өзү жетектеген Айыл-чарба комплексинин профсоюзунун алдында тамеки
чарбаларында иштеген өспүрүм балдарды оор эмгектен чыгаруу максатында Эл аралык
ECLT фонду каржылаган каражаттардан дагы бир топ суммаларды өз кызыкчылыгына
колдонгон. “Башында, пилоттук долбоор мезгилинде 125 миң АКШ доллары бөлүнгөн,
андан Осмоналиев 6-8% тамеки өстүргөн түштүктөгү дыйкандарга насыяларды
бере баштаган. Бирок, бир аз мезгил өткөндөн соң насыянын пайызы 15 пайызга
чыккан. Жалпысынан долбоордун алкагында 185 млн. сом айланыптыр. Фондго керек
деп, өз аялына Lexus LX 470 жол тандабасын алып берип салыптыр”,- дейт Чондоев.
Орунбек Чондоев ж.б., профсоюз мүчөлөрү Жээнбектин иштерине нааразы болгондор
жөн эле мөлтүрөгөн балакайга жалаа жаап жатпасын деп анча-мынча маалыматтарды
текшерсек, көбү алар айткандай чыкты. Учурунда жетектеген АЧК профсоюзунун
балансында бир топ каражат жана мүлктөр бар болгон. Алсак, 29 унаа (анын ичинен оор
жүк ташуучу унаалар жана автобустар), 6 үй, 30дан ашуун санаторий, профилактория,
балдар лагерлери жана мейманканалар. Жээнбек Осмоналиев келгенден бери ошол
элдик байлыктан канчасы калып, нечеси кайда кеткени, кандай шылтоо менен
“списание” болгону белгисиз. Орун басар болгонго чейин өзү жетектеген АЧК
профсоюзунун ичинен ага нааразы болгон мүчөлөрү айткандай бир жогоруда келтирген
мүлктөрдүн жым-жым болушуна анын да тиешеси бар дешет. Ар бир “операциясын” бул
билимдүү жигит мыйзамды эске алып, жок кылганын баарын “закондоштуруп” салат
экен. Анткени, жалгыз эмес дешет. Ошол эле Орунбек аксакал ал бул иштерди мурунку
финансисти, азыркы комитеттин төрагасы Омор Арстанбеков экөө биригип алып
кылышат тура.
Кыскасы, өлүмүш болуп алган балакай профсоюздардагы жеп-ичкичтердин арасынан эң
тыңы окшойт. Жаштайында ушундай болсо, ары барса “баарын жок кылабы?”-
деп чочулап турабыз. Көрсө, профсоюзчулардын “Жээнбек баарын жайлады
эле, жайлады” деген сөздөрүндө, аз болсо дагы чындык бар турбайбы.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу