Балага туура мамиле кылыш үчүн…

Ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле жакшы болгон сайын үй-бүлөдөгү аба-ырайы өзгөчө болот. Ата-энеге бала тарбиялоодо кийин өкүнүп калбай турган кадамдарды жасашы керек. Ал үчүн бүгүн сиздерге бала менен кандай мамиле орнотуу керектиги тууралуу кеп козгомокчубуз.

Балаңызга эмне жасап көрсөтүшүңүз керек?

Тыюу сала бергенден көрө, аны жасаса кандай жаман болорун;

Дасторкон башында кандай отуруп, кандай тамактануу керектигин;

Кандай жууну керектигин;

Картадан кандай үй салууга болорун;

Кагаздан кандай жаныбар жасаса болорун;

Жообун билбеген кезде интернеттен кандай маалымат издөө керектигин;

Китепканада карталардан керектүү китепти кандай издеш керегин;

Өзүңдү-өзүң кадай күтүү керектигин;

Жуулган кийимди кандай жайып, бүктөштү үйрөтүңүз.

Балаңыздын кайсы ишине убакыт бөлүш керексиз?

Ал оюн талаасында ойноп жүргөндө;

Ашканага кол кабыш кылуусуна;

Куштарды кароосуна;

Бирге сейилдөөгө;

Кыйын тапшырмаларды бирге аткарууда;

Балаңызды эмне менен кубантышыңыз керек?

Күтүүсүз белек жасап;

Бөлмөсүн жыйнап;

Сүйүктүү тамагын же таттуу токочун жасап берип;

Тамагын түрдүү күлкүлүү формада кооздоп;

Аны жардамга чакырганда күлкүлүү добуш менен атын атап;

Аны менен бирге чын жүрөктөн ойноп;

Балаңызга кандай караш керексиз?

Мээримдүү көз менен кароо;

Эшиктен кирип келгенде күлүп тосуп алуу;

Рахмат айтканда, «Эч нерсе эмес» деп;

Бир нерсе айткан кезде, алгач анын угуп жатканын билип алуу;

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу