Бакыт Төрөбаев: Кыргызстандын жаңы Президенти 2017- жылдын ноябрь айында шайланат

КР Борбордук Шайлоо Комиссиясы президент кызматына Бакыт Төрөбаевди расмий
түрдө талапкер катары каттоодон өткөрдү. 23-август күнү ага атайын күбөлүк
тапшырылды.
“Биринчиден, өздөрүнүн колун коюу менен Президенттик кызматка менин
талапкерлигиме колдоо көрсөткөн баардык мекендештерибизге ыраазычылык
билдирем. Шайлоо алдындагы түзүлүп калган саясий абалдан улам, экинчи тур сөзсүз
болот деп эсептейм. Кыргызстандын жаңы президенти 2017-жылдын ноябрь айында
шайланат деп ойлоймун”- деп билдирди күбөлүк тапшыруу аземинен кийин
журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Бакыт Төрөбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу