Бакыт Төрөбаев алабарман жүрүшүн тыйып, тизгинин тартса

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «премьер-министр болом» деп Өмүрбек Бабановго кошулуп кеткенден кийин рейтинги «шалк» эте түшүптүр. «Бу жигитке карапайым элдин тагдыры, кызыкчылыгынан да кресло жогору турабы?» деген нааразычылыктар айтылууда. Мыйзам боюнча өкмөт башчы парламенттен шайланат эмеспи, Төрөбаев болсо эл чогулган жыйындардан өзүнүн амбициясын кармана албай шардана кылды, бул албетте, жакшы көрүнүш эмес. Калктын көзү көрөгөч да. Барган сайын Бакыт мырзадан оомат тайып аткандай. Жолугушууларына эл жетиштүү чогулбай атканына күбө болуудабыз. Аргасы кеткенде мечиттерге, базарларга барса да көпчүлүк анын сөзүнө кулак төшөбөй атканы эмнени билдирет? Олуттуу коңгуроо! Эми да кеч эмес, анчалык алабарман жүрүшкө салбай, тизгинди тартып, саясый жүрүштөрдү салмактап көрсө не?

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу