Бакыт тартуулоочу гүлдөр

Акындардын калеминен жаралган ар бир аялзатына арналган ыр саптарын карасак, аялзатын гүлгө теңеп жазып келишкен. Чындыгында эле, үйгө баш бакканда тосуп алган кожейкенин жаркылдаган маанайы менен жыпар жыты буркураган ар түрдүү гүлдөр адамды алгач өзүнө бурат эмеспи. Жагымдуу маанай тартуулап, ажайып кереметке бөлөп турган бул гүлдөрдүн да өз орду бар. Демек, үй – бүлөгө бакыт тартуулаган ак жолтой гүлдөрдү тизмектемекпиз.

 

1.Спатифиллум же “аялзатынын бактысы” деген ат менен таанылган гүлдү сатуучулар өзгөчө баалап келишет. Анткени, бул гүл жалгыздыктан жабыр тарткандарга жарымын табууга, ал эми балалуу болуунун каалагандарга наристе тартуулайт деген уламыш кеп дале болсо күчү жоголо элек.

Спатифиллумду багуучулар качан ак гүл ачканда үйгө бакыт кушу кирет деп ырымдап келишет.

 

  1. Кызыл, кочкул күрөң, ак түстөгү гүл ачкан фиалка гүл да ак жолтой деп аталган гүлдөрдүн катарынан түшпөй келүүдө. Анткени, кайсы үйдүн терезесинде гүл ачпасын ал үйдө уруш-талаш аз болот жана түбөлүк сүйүүнүн отун сактоочу деп эсептешет.

 

  1. Чоң терезелүү үйлөрдө бак сымал жайылып өскөн розаларды байкоого болот. Бул гүл Гибикус же кытай розасы деп аталат. Бажырайып ачылган чоктой кызыл гүлдөрү менен конок үйдү көрккө келтирбестен бакыт тартуулоочу да касиетке ээ. Кээ бир кожейкелер коломтонун отун бир калыпта кармоо үчүн атайы ырымдап өстүрүшөт.

4.Жөргөмүштүн желеси сымал үйдүн бооруна жайылып өскөн Хойя гүлүн жубайлардын ортосуна сүйүү тартуулап турат деп уктоочу бөлмөсүнө өстүрүшөт. Ал эми кээ бир европа өлкөлөрүндө 14-февраль күнү  сүйүү алып келсин деген ырым менен бири – бирине белек кылып, ырым кармаган ар бир үйдүн конок үйүнөн кездезтирүүгө болот.

 

5.Адам ата менен Обо эне бейиш багынан ала келип отургузган ак майда гүлдүү мирт бадалы да ак жолтой гүлдөрдүн катарын толуктап келет. Себеби, бул бадалды өстүрүүнү каалагандардын арасынан жалгыз бойлор жарымын таап, ак жолтой никелүү болот экен. Ал эми, толук кандуу үй – бүлөлөрдүн очогу жылуу жана бейпил жашоону башынан кечиришет. Кантсе да бейиш багынан келген   бадалдын баасы жогору тураары, жаңыдан турмуш жолуна аттанган жаш үй – бүлөлөргө белек катары тартуулангандан билсе болот. Ал эми бизнес баштагандар болсо ишине ийгилик жаратат.

  1. Аихризон. Коомчулукта бул “Бакыт багы” же “Сүйүү багы” деп аталат. Аты айтып тургандай эле үйгө бакыт жана сүйүү тартуулайт.
  1. Калатея. Бул өсүмдүк үйдөгү бакыттын коргоочусу катары белгилеп келишет.

 

  1. Ак сызыктуу тарам- тарам узун жалбырактуу хлорофтум гүлү бир гана үйдүн абасын тазалабастан, ал гүлдү өстүргөн кожейкеге бакыт да тартуулайт. Канчалык көп сабагынан ылдый төгүлгөн майда баштыкча байлап ак гүл төкккөн сайын ал үйгө киреше кирип, кубанычтын күлкүсү угулуп турат.

 

  1. Көпөлөк сымал үч баш жалбырагы бар кочкул көк тарткан назик майда жалбырак баштуу гүлду көргөн адам аны алгач таңгалычтуу карашы мүмкүн. Анткени, бул гүлдүн жалбырагы күндүз бажырайып ачылса, түнү үч бутакча кадимки гүл сымал жабылып калат. Бул Ыйык Троицанын символу болгон кислицаны европада жаңы жыл астында жакын санаалаштарына белек катары тартуулашат. Анткени, гүлдүн үйгө бакыт алып келүү касиети жыл алмашканда күчүнө кирип , жаңырган жыл менен ээсине бакыт тартуулайт экен.

10.Антуриум же “Мырзалардын бактысы” деген аталыштагы бул гүл сүйүүдө бакыт жана ийгиликтерди алып келет дешет. Ал эми чындыгында гүлдүн кожоюну менен кожейкесинин ортосуна ысык сүйүү тартуулап, казан- аяктын кагышын азайтат. Ал эми ишкер мырзалар бул гүлдү иш бөлмөсүно коюу менен көптөгөн өнөктөштөрүнө ишеним тартуулайт.

Булак: argument.kg

Даярдаган Дамира СААЛИЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу