Бакыт Абдиевди абактан “Ихлас” компаниясы чыгарып кеткен…

Мамлекеттик архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин ана башчысы Бактыбек Абдиев тууралуу өткөндө куш тилиндей кабар жазганбыз. Ал чет өлкөдөн “Манас” аэропортуна конгон кезде, ага  укук коргоо органдары- нын из кубарлары   “укуругуна  илип”,  камап коюшканын, бирок  көп өтпөй, кыска убакыттын ичинде жең ичинде сүйлөшүүлөрдүн негизинде кайра бошотуп кетишкенин баяндаганбыз. Эмнеге кармашканы түшүнүктүү деле болсо керек, Тарых музейи, Онкология жана гемотология боюнча оорукананын курулушунда кетирилген кемчиликтер ж.б. мыйзамсыз иштер.  Кыскасы, кызыгың түшкүр Абдиевди абактан “Ихлас”  компаниясынын капчыктуу кожоюндары бошотуп кетишкени боюнча кеп кетти. Эмнеге дегенде, Абдиев азыр абакта жаткан атактуу шопурдун көздөй кадры болчу. Ал бул кызмтака келүүгө чоң салым кошкон. Ал эми Икрам Илмиянов болсо “Ихластын” негиздөөчүсү экени, Икрамдын учурунда бул компания укмуш дүркүрөп өсүп, Бишкектин “илибой”  жерине кабат-кабат үйлөрдү тургузганы бештен белгилүү. Ошентип, өзү жетектеп жаткан агенттикти араң башкарып, жүдөп-какап, сындан башы чыкпаган Абдиев аз жерден абакка түшүп, “сынып” кала жаздаптыр. Жогорку бийлик болсо мунун баарын көрмөксөн-билмексен болуп турат. Мындай темп менен кете берсе, Абдиев кимдерди жыргатат да, кимдерди тойгузат?!

Булак: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу