Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде кол койгон буйрукка ылайык Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Дюшембиев Бакытбек Осмонович мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.