Бактылуу өмүр сүргүңүз келсе…

Адистер бактылуу өмүр сүрүү ар бир адамдын өз колунда экендигин эскертет. Ал үчүн сизге төмөнкү кеңештер жардамга келет.

1.Күнүнө жок дегенде үч адамга кубаныч тартуулаңыз.

2.Көп кыялданыңыз. Кыялдар сөзсүз орундалат.

3.Убактыңызды бекерге коротпоңуз.

4.Өмүр өтө кыска. Ошондуктан жек көрүүгө жол бербеңиз.

5.Өз өмүрүңүздү башкалардыкы менен салыштырбаңыз. Анткени, алардын башынан эмне өткөнүн сиз билбейсиз.

6.Өз өмүрүңүздү бактылуу кылып өткөрүүгө бир гана өзүңүз татыктуусуз.

7.Көп окуңуз. Себеби, көп окуган адамдын ойлонуусу терең болот.

8.Күнүнө эки литр суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

9.Уйкуңузду өз убагында кандырыңыз.

10.Өткөн ишке өкүнбөңүз. Бирок, келечекте аны кайталабоого аракеттениңиз.

11.Бул дүйнөдө бар байлыгыңыз үй-бүлөңүз экендигин унутпаңыз.

12. Өзүңүздү-өзүңүз сыйлаңыз.

13.Убакыт учкан зымырык куш. Жакшы адамдарды айланаңызга топтоого аракеттениңиз.

14.Башыңызга кандай иш түшпөсүн, аны жылмаюу менен аткарууга аракеттениңиз.

15.Көп жакшылык жасаңыз. Ал сизге сөзсүз кайтып келет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу