Бактылуу үй-бүлөнүн сыры эмнеде?

Бактылуу үй-бүлө бири-бири менен көп сүйлөшөт. Ал эми бактысыз үй-бүлө унчукпай өткөргөн күндөрү көп кездешет.

Бактылуу жубайлардын планын, өз ара мамилесин, ата-энелери менен болгон карым-катнашын, акча маселесин, маанайынын эмне себептен жок экенин терең талкуулайт. Ал эми бакытка жете албай жүргөн жуптар эреже боюнча, кыйналган жашоо, жетпеген акча, үй тиричилиги, ушак-аяң сыяктуу турумштук маселелерди көп айтат. Ал эми кыялы менен пландары, кызыгуусу менен сүйүктүү иши таптакыр айтылбай калат.

Бактылуу аял-күйөөсү бири-бирине толук ишенет. Жүрөккө катуу тийген темаларды айта алышат. Ал эми бактысыз жандар жүрөккө оор тийген темаларды айтпай, ичте сакташат.

Бактылуу жубайлар кыйындыкка учураганда, бири-бирин сөзүнө кулак салып, кыйындыкты бирге чечүү жолдорун караштырышат. Ал эми бактысыз аял-күйөө бири-биринин сөзүнөн кыйкым издеп, урушу менен убакыт өткөрүшөт.

Бактылуу үй-бүлөнүн адамдары бири-биринин катачылыктарын кечире билишет. Ишеним менен түшүнүк жок үй-бүлө бири-бирин кечире алышпайт.

Бактылуу үй-бүлөнүн сыры эмнеде деген суроого психолог Рашид Кирранов анын сыры – сүйлөшүүдө деген. Күнүнө 20 мүнөт, керек болсо 5-10 мүнөт болсо да, бири-бириңиз менен сүйлөшүңүз.

Сүйлөшүү деген – тууган-урук, коңшу-колоң, таныштар тууралуу сөз кылып, ушак айтуу эмес. Жумуштагы маселелер да экинчи орунга калышы керек.

Сүйүктүңүзгө өзүңүзгө эмне жагып, эмне жакпастыгын, кыялыңызды, максаттарыңызды айтыңыз. Анын пландары, оюнда жүргөн кыялдарын сураңыз. Аны эмне үчүн урматтап, сыйлаарыңызды, кайсы жери жакпастыгын, бирге өткөргөн жашоодогу кызыктуу, эсте калган окуялар тууралуу айтып туруңуз.

10-20 жыл мурун өтүп кеткне жагымсыз окуялар тууралуу эч качан эсине түшүрбөңүз. Тескерисинче жакшы, жагымдуу, кызыктуу күндөр тууралуу сүйлөшсөңүздөр сизге да, ага да көтөрүңкү маанай тартуулайт.

Адатта жубайлар дем алыш күндөрүн кандай өткөрүшөт? Унчукпай тамактанып, телефон, планшет сыяктуу гаджеттерге үңүлүп карап отуруп кеч кирет. Ошол убакытты бири-бирин тереңирээ0к түшүнүүгө, танууга арнаса, үй-бүлөдөгү мамиле башкача болор беле.
Бирөө тамак жасап, экинчиси эртеңки жумушка даярданып отурганда сүйлөшүү натыйжасын бербейт. Ошондуктан бири-бириңиз менен сүйлөшүүгө убакыт менен жайлуу жер таап, бакытлуу жашоого кадам таштаңыздар.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу