Бактылуу жашоо-рак илдетинен сакайтат!

«Көзүңдү жумганыңда өзүңдү бактылуурак сезсең, көз алдыңдагыларды алмаштырууга убакыт келгенине көп болуптур» демекчи, өткөрүп жаткан өмүрүңүз купулуңузга толбой турса, жашооңузга дароо өзгөртүү киргизүүгө далалат кылыңыз. Баары сиздин гана колуңузда, туурабы? Жумушуңуз жакпайбы? Алмаштырыңыз. Чет өлкөгө баргыңыз келеби? Тил үйрөнүңүз. Өзгөрүүлөр сизге кош бакыт алып келет, бири-жан дүйнөңүздүн жайлуулугун, экинчиси-ден соолук!

Атактуу америкалык дарыгер Лоуренс Ле Шан эң коркунучтуу деп эсептелген рак оорусунан айыгууга болот деген пикирде. Отуз жылдык иш практикасы дарыгерди ушундай жыйынтыкка алып келген. «Адам жакын арада өлөрүн билгенде гана кыймылдай баштайт» дейт ал. Чындыгында эле көпчүлүк кинотасмалардан деле көрүп жүргөндөй, айыккыс дартка чалдыгып, өмүрүнүн акыркы айларын жашап жаткан адам «башкача» жашай баштайт. Көзүм түрүүдө жетишип калайын деп көптөн берки кыялдарын ишке ашырат. Ким бирөөгө айта албай жүргөн сөздөрүн айтат. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө жакшылык кылып калууга умтулат. Ле Шан мырза «рак-адамдын ички абалы менен тыгыз байланышта» дейт.

«Эгерде адам кандайдыр бир себептерден улам жашоосун маңызсыз деп чечсе, организм терс энергияны кабыл алат да, ооруну пайда кылат. Өзгөчө активдүү жашоо образын алып жүрүп, турмуштук сыноолорго туруштук бере албай өзүн таштап койгон адамдар ракка көп кабылышат». Америкалык дарыгер эгерде дениңиздин сак болуусун кааласаңыз жашооңуздан ырахат ала тургандай жашагыла деген кеңешин берет. Албетте алеки саатта жашоону түп тамырынан бери өзгөртүү мүмкүн эмес, ошонтсе да, аракет кылуу керек. Баарын башынан баштоо эч качан кеч эмес!

Ал эми төмөндө бактылуу жашоонун сырлары менен тааныштырабыз:

Иш менен алек болуңуз, бирок баш-отуңуз менен берилип кетпеңиз

“Табиятта кыймылда болбогон эч нерсе жок, жадакалса жер да айланып турат” дегендей жашоо үчүн албетте иштөө керек. Бекерчиликти адатка айланткан адамдардын жашоосун сырттан байкап көрсөңүз, кызыктуу эч нерсе таппайсыз. Сүйүктүү кесип да адамга кандайдыр бир деңгээлде бакыт тартуулайт. Андыктан ишти алыңызга эмес, көңүлүңүзгө чактап тандаңыз. Эскерте кетүүчү жагдай, иштөө керек десе эле күндү да, түндү да жумуш үстүндө өткөрүү керек деген түшүнүк чоң жаңылыштык. Иш менен эс алууну айкалыштыра билүү зарыл.

Жакындарыңыз менен байланышта болуңуз

Бул турмушта эч ким жалгыз эмес, ар бирибиз кандайдыр бир себептердин аркасында бири-бирибиз менен байланыштабыз. Алардын арасынан “жакындар” деген тизме ар бир адамда бар. Алар ата-эне, бир туугандар, достор жана сүйүктүүлөр, башкача айтканда кайгырсаң кайгыңды, кубансаң кубанычыңды тең бөлүшкөндөр. Жакын адамдарыбыз гана жашообузду шаңга бөлөп, бакыт тартуулай алышат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жашоосундагы эң маанилүү делген маселелери менен бөлүшө ала турган жакындары бар адам өзүн бактылуу сезерин көрсөткөн.

 

Өзүнө берилген баа

Баарыбыз эле жасаган кадамдарыбызды анализдөөгө көнгөнбүз. Эгерде бул анализ адамдын өзүнө берген баасы менен түздөн-түз байланышы бар болсо өкүнүчтүү. Ийгилик бир орунда турбаган нерсе. Андыктан жетишкен ийгиликке карай өзүнө баа берүү адамды бактылуу кылбайт. Ооба, туура түшүндүңүз. Бир убакта эң ийгиликтүү адамдардын катарын толуктап жүрүп эле, эртеси бул көрүнүш тетири айланып калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошол себептен өзүнө болгон ишеним сырткы факторлордон көз каранды болбоосу керек.

 

Спорт менен машыгыңыз

Физикалык көнүгүүлөрдү жасоону адатка айлантуу оңойго турбайт. Деген менен бир чыгынып баштап алсаңыз, спорт сиздин жашооңуздун ажырагыс бөлүгүнө айланат да калат. Кыймыл адамдын организминде эндорфин, түшүнүктүү тил менен айтканда “бакыт гормонунун” иштелип чыгышын шарттайт. Айрыкча спорттун чуркоо, сууда сүзүү жана теннис сыяктуу түрлөрү эндофиндин бөлүнүп чыгуусуна өбөлгө түзөт да адам өзүн бактылуу сезет. Ошентип бара-бара спорт менен алектенүү сиз үчүн кыйноо эмес, ырахат менен алектенген адатка айланат.

 

Ыңгайсыздыктарга каршы туруңуз

Жаңы нерсе башында баарыбыз үчүн эле кыйын көрүнөт. Бирок тескерисинче ошол сизде коркунуч жараткан же аткарууда оор делген нерсени биринчи жасап койсо, кийинкилери оңой болуп калат. Демек сиз утуштасыз, биринчиси ишиңизди бүтүрүп алдыңыз,  экинчиси коркунучту жеңдиңиз. Андыктан ыңгайсыздыктарды жараткан кандай кырдаал болбосун, ага каршы туруудан качпаңыз. Кыйынчылыктарды жеңүү менен адамдын өзүнө болгон ишеними жогорулайт жана ал өзүн бактылуу сезет.

 

Мүлктүн ордуна тажрыйба топтоңуз

Чындап бактылуу адамдар акчасын мүлк эмес, тажрыйба топтоого коротот. Жаңы тажрыйбанын аркасында жер кыдырып, адамдар менен да таанышууга мүмкүн. Жыл өткөн сайын эсибизде ошолор гана калат. Айткыбыз келгени, материалдык байлыкка караганда жан дүйнөнүн жайлуулугу адамга көбүрөөк бакыт тартуулайт. Мисалга, бир кечеге барган болсоңуз андан калган жагымдуу элестерди көбүрөөк эстейсизби же ошол кечеге кийип барган көйнөгүңүздүбү? Жакшылап ойлонуп көрүңүз.

 

Көңүл каалоосун четке какпаңыз

Дагы бир жыйырма жыл өткөндөн кийин кылган нерсебизге караганда кылбаган нерселерибизге өкүнөрүбүз бышык. Мисалы, сиз кичине кезиңизден балерина болгуңуз келчү, бирок бул каалооңузга көңүл салбай башка кесип тандап кеттиңиз дейли. Бир күн болбосо бир күн сөзсүз “эмне себептен ошол балачактагы кыялымды ишке ашырбадым экен?” деген ой басат. Кырктын кырын ашып калганда балерина болуу мүмкүн эмес! Ошол себептен көңүл каалоосун четке какпай, кыялдарыбызды иш жүзүнө ашырууга аракет кылуубуз керек. Кийин өкүнүп калбоо үчүн! Бейтапканада эмгектенген медайымдан сурашканда ал “адамдар өлүм алдында жатканда кылганына караганда кылбай калган нерселерине көбүрөөк өкүнүшөт” деп жооп берген. Андыктан кыялыңыз менен эсептешүүнү үйрөнүңүз.

 

“Ар бир адам бактылуу болууга тийиш, бактылуу болбосо өзүнөн көрсүн” демекчи, баары өз колубузда! Бактылуу болууну чечсеңиз сизге эч ким тоскоол боло албасын эсиңизден чыгарбаңыз!

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу