Бактылуу болуунун беш жолу…

20-март Эл аралык Бактылуу болуу күнү деп аталат. Эгерде сиз өзүңүздү бактылуу сезбей жатсаңыз, андан капалануунун кажети жок. Дагы да болсо кантип бактылуу болуш керектигин биз сиздерге төмөнкү беш жолду сунуш кылабыз.

Йельск университетинин психология адиси Лори Сантос “Бактылуу жашоо” тууралуу сабак берет.

Лори Сантос бактылуу жашоо өзүнөн-өзү келбейт деп, бул темада өнүгүү үчүн практика жасоо керек экендигин белгилеп өттү. Ага утурлай төмөнкү беш жолду кошумчалап өттү.

Ырахмат айтуу баракчасы

Сантос студенттерине бир жумада жасаган иштери боюнча ырахмат айтканга, атайын баракча ачып коюуну сунуш кылат. Мындай жол менен адам өзүнө-өзү каниет кылып, бир аз болсо дагы өзүн бактылуу сезет экен.

Сапаттуу уйку

Бир жума боюу сегиз сааттан уктоо-бул кыйын көнүгүү катары эсептейт. Ошондуктан, бир жумада бир жолу жакшылап уктап алуу, ашыкча стресс жана депрессиядан арылтат.

Медитация

Күнүнө жок дегенде он мүнөт көнүгүү жасоо менен адам өзүн бир аз болсо дагы бактылуу сезип кала тургандыгын айтат.

Досторго жана үй-бүлөбүзгө дагы көп убакыт бөлүү

Изилдөөлөр боюнча үй-бүлөсү жана достору менен көп убакыт өткөргөн адамдар, дагы да болсо бактылуу өздөрүн сезгендигин кошумчалап өттү. Мындай тажрыйба адамдардын руханий жана физикалык жактан өздөрүн толукк андуу сезгенге жардам берет.

Виртуалдык жашоодо эмес, чыныгы жашоодо жашаганга аракет кылыңыз

Адистер социалдык тармактар бактылуу сезимин тартуулайт бирок, ал үчүн деп ага карап биротоло көз каранды болуп калбоону сунуш кылат.

Акыркы изилдөөлөр боюнча, Инстаграмды көп колдонгондо, аны аз колдонгон адамдарга караганда бир аз болсо дагы өздөрүн бактысыз сезгендиктерин айтып өтүштү. Андыктан, бактылуу жашоого умутулам десеңиз, андачыныгы жашоону тандаңыз!

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу