Бактылуу адамдын белгилери…

Бардык эле адамдын бул жашоодо маңызы бактылуу болуу. Бактылуу адамдын сырлары кандай? Биз ушул боюнча сөз кылабыз.

Ички жан дүйнөсүн уга билет

Айланасы шайыр болгон адамдар бактылуу болуп, алардын кыял-сапаттары дагы жугуштуу болуп саналат. Жаркыраган жаз күнүндө сүйүктүү досторубуз менен убакыт өткөрүү кандай гана сонун. А бирок бул сезимдер биздин бактылуу болушубузга жетиштүүбү? Ал үчүн айлана-чөйрөбүздөгү адамдар менен куруп жаткан мамилебизге анализ жүргүзүүбүз керек. Буга кошумча өзүбүзгө убакыт таап, ички жан дүйнөбүздү да уга билүүбүз кажет.

Ийилчээк болушат

Бактылуу адамдар жаман нерсеге кабылганда бат эле өзүнө келе алышат. Ал деген сөз, алар өздөрүн депрессияга кирүүгө жол бербейт дегенди билдирет. Адамдардын ийилчээк болуусу-бул алардын тээ балалыктан калган сапаттардын катарына кирет. Бир нерсени аткаруу үчүн так, дал ошол нерсени жасоону каалап жатканыңызды аныктап алууңуз керек. Аларды жасоодо бизди жогору жана төмөн тарткан ички туйгуларыбызды аңдап билип алалы. Мында бизди жогору түрткөн ички туюмду сезе билсек, анда ишибиз алдыга карай жүргөн болот.

Айлана-чөйрөсүнө жардам берет

Бактылуу адамдар-убактысынын бир бөлүгүн муктаждарга кол сунуп жардам берүүгө, айлана-чөйрөдөгү адамдарга жардам берүүгө ынтылат. Жардам берүү бул-өзүнчө бир өзүнө-өзү ырахат алган иштин катарын толуктайт. Бул жумушту аткаруу менен сиз өзүңүзгө болгон ишенимди арттырууга жол ачкан болосуз. Эң алгач өзуңүзгө болгон муктаждыгыңызды бүтүрүп, андан соң айланадагы адамдарга жардам берүүгө кол сунуу керек.

Өдөрүнө убакыт бөлөт

Бактылуу адамдар стресстен өздөрүн арылтуу жолдорун билет. Алар: Медитация жасап, кыялданып, ойлоруну топтоп, жыйынтыктап стресстен арылуу жолун табат.

Руханий байлыкка көңүл бөлүшөт

Бактылуу адмдар дуа кылып, медитация жасап, өздөрүнүн руханий байлыгын толуктайт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу