Бактыгүл Бадыева: «Менин салмагым өзүмдү эмес, силердин тынчыңарды алып жатат окшойт»

Ырчы Бактыгүл Бадыеванын кош бойлуу экени баарына маалым. Убакыт өткөн сайын күйөрмандары дейбизби же интернет колдонуучулар дейбизби, айтор «Качан төрөйсүң, салмак кошуп эле семирип баратасың?» деген билдирүүлөргө Бадыева жооп кайтарды. Жеке баракчасына: «Бул пост өтө эле «скромная» жана сабыры аз айымдарга арналат. Эмнегедир  менин салмагым мага эмес, силерге тийишип жатат окшойт. Мен өзүмдү абдан жакшы сезип жатканымды айтып коеюн. Ал эми кандай төрөсөм, ошондой айтып сүйүнчүлөп коем»-деп жазып калтырды.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу