Бактыбек Кудайбергеновдун аракети анча эмес…

Чүй облусунун башчысы Бактыбек Кудайбергенов иштин көзүн билбеген, чечкинсиз мажүрөөлөрдүн бири окшойт. “25 жылдан бери Чүй суусунун жээктери желип отуруп, 500 гектардай жерибизден айрылдык. Чек ара маселеси чоң көйгөй болууда, аны чечүү үчүн болжол менен 2 миллиард сом керектелет. Жыл сайын 300 миллион сомдон бөлүнүп, 5-6 жылда жээктерин толук бекемдеп бүтөбүз” – деди. 6 жылды күтүп отурсак, дагы далай жерибиз казак тарапта калаары менен анчейин иши жоктой. Кыргызга күйгөн, элин сүйгөн мекенчил губернатор болгондо, бул маселени катардагы кадимки иштердей эмес, маселени кабыргасынан коюп, элге, бийликке “ашар жолу менен болсо дагы ишти тездетели” – деп чакырык таштаса болмок. 2 миллиард сом дегени деле өтө күмөндүү сумма болууда. Таш ташып келгенге эле анча акча кетпесе керек.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу