Бактияр Токторов «Буй буй» тууралуу: «Ырдын автору менмин, ал эми ырдагандарга каршылыгым жок…»

Акыркы учурда интернет булактары аркылуу кыргыз эстрадасынын жаркын жылдызы, легендарлуу «Биз» тобунун солисти Бактияр Токторовдун айтылуу «Буй буй» чыгармасынын орус тилинде аткарылган видеосу талкуу жаратууда. Бул тууралуу Бактияр Токторовдун өз оюн билүү үчүн байланышканыбызда ал Барометрге ыр тууралуу патенти бар экени тууралуу айтып берди.

«Ыр негизинен меники, мен ал ырга патентти 2007-жылы алгам. Бирок бизде Кыргызстанда автордук укук маселеси жакшы каралбагандыктан ырларыбызды көп эле жолу уурдап алышат. Бирок ал ыр меники экенин баса белгилеп кетким келет. Ошентсе да менин ырымдын башка тилдерге которулуп жатканын көрүү мен үчүн сыймык. Мен аларга каршы да болбойм. Каалагандар алып ырдай беришсе болот. Керек болсо «Буй буйду» өзбек тилине да которуп ырдап жүрүшөт. Бул ыр орус кесиптештериме кандай жетип калганын ойлогон деле жокмун. Эсиңерде болсо дал ушул ырга бир Малайзиялык солдат бийлеп чыккан, мына ушул окуядан кийин көпчүлүк билбегендер «Буй буй» менен таанышышты деп ойлойм. Албетте, ал орус группа менин ырымды толук уурдап алган эмес, кээ бир жерлерине өзгөртүү киргизген жана айрым жерлерин алып салган. Ырдын автору менмин, бирок ырдагандарга эч каршылыгым жок» -деди Бактияр Токторов өз маегинде.

Ырчы мындан башка ырларым деле бөлөк тилдерге которулуп, ырдалып келет деп кошумчалады.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу