Бакир уулу мурдагы аялы Нуризага нааразы болууда

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулу мурдагы аялы Нуриза Бурхановага нааразы болууда. Бул тууралуу Бакир уулу «Леди кж» басылмасында берген маегинде билдирди.

“Мен балдарыма мурда көрүшүп, жардам берип турчумун. Эки жылдан бери балдарды мага көрсөтпөй атат. Балдарыма жаңы-жылда кийим алып кошунасынан берип жиберсем, тилекке каршы, Нуризанын апасы: “Уят болот”, — деп албай коюптур. Нуриза менен сүйлөшөйүн десем, ал Түркияда. “Эгерде балдарымды көрсөтпөсөңөр, сотко кайрылганга аргасыз болом, деп эскерткем»,-дейт Бакир уулу.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу