Бакиров: президент, премьер жана спикерди мамлекеттик камкордукка алыш керек (видео)

Кыргызстанда вице-спикер Мирлан Бакировдун жогорку кызмат адамдарын камкордукка алуу тууралуу сунушу талкууга түштү.
Бакиров 31-январда «Азаттыктын» түз ободогу «Эки бир» телеберүүсүнө катышкан учурда өзү сунуштаган мыйзам долбоор тууралуу түшүндүрмө берип, документ учурдагы президент, премьер жана спикерди колдоого багытталганын билдирди:

— Ал жерде экиге бөлүнгөн. Бүгүнкү иштеп жаткан президент, премьер-министр, төрага боюнча өзүнчө берене. Аларды камкордукка жана коргоого алуу. Экс-президент, экс-премьер, экс-спикер боюнча өзүнчө берене. Ал жерде экс болгондон кийин да кандайдыр бир кепилдик болушу үчүн, коркпой-үркпөй, жумушун аткарышы үчүн кепилдик болушу керек. Бул жерде социалдык коргоо, анын үй-бүлөсүн багуу, кызматтык машине жана башка дегендер таптакыр жок. Экс-спикер же экс-премьер деген күбөлүк берилет, коргоого алынат. Аларды кандайдыр бир кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси Жогорку Кеңеш аркылуу каралат. Парламенттин, өкмөттүн имараттарына тоскоолдуксуз кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Ушундай стандарттуу эле маселелер. Бул дагы коомдук ой-пикирден улам жаралган. Кээ бир учурда «имараттарга, өкмөт мүчөлөрүнө кире албай калабыз, өзүбүздүн ой-пикир, тажрыйбабызды бөлүшө албай атабыз, ошондуктан бизге кандайдыр бир жеңилдик, кепилдик болсо» деген ойлордон улам келип чыкты.

Мирлан Бакиров мындан мурда «Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Долбоор 30-январда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, бирок кайра өчүрүлдү.

Кыргызстанда буга чейин экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, аны депутаттар биринчи окууда колдогон.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу