Бакирдин Субанбеков «интриганы» коюп гимнди жаттап албайбы?

Эгемендүүлүк алгандан Кыргызстанды талап-тоноп, алмак-салмак башкарган 100дөй үй-бүлөнүн бири Бакирдин Субанбеков экенин элдин баары билет. Ит бекер менчиктештирген мүлктөрдүн аркасы менен ченебеген байлык топтогон нойондор канча жылдан бери ат үстүнөн түшпөй, элдин жонунан кайыш тилип келет. Өкүнүчтүүсү, жакындан бери булар кайрадан жанданып, шайлоолордо бут тоскон «инилерине» кара пиар уюштуруп, «көр» каза баштаганы айтылууда. Булар эмне, Чүй боорунда өздөрүнөн башканы адам ордуна көрүшпөйбү? «Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло» дейт, эгер билегине гана ишенип билимден куржалак калган эрендер эси барда этегин жыйбай адыраңдай берсе жакында төшү түктүүгө жолугат. Жумшак айтканда, Бакирдин бирөөнүн көчүгүнө суу куйган
интриганы жөн коюп, андан көрө гимнди жаттап алсын!

Булак: «Де-Факто» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу