«Бакиев үчүн тост көтөрбөгөндөргө өлүм!» деп айкырган Аалы Карашев «СПИКЕР» болобу?

Анык бакиевчи Аалы Карашев учурда бийликтин эң төрүндө, президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп камаарабай иштеди. Бирок 2010-жылы 7-апрелде Ак үй тараптан элге ок атылып жаткан учурда, дал ушул Аалы мырза, Курманбек Бакиевдин жанында 7-кабатта чалкалай отурганын эч ким унута элек. Мындан тышкары Акаевдин доорунда да майлуу-сүттүү кызматтарды аркалаган Аалы Карашев Аксы окуясына да тиешеси бар экени, ошол учурда элге каршы ок атууга кеңеш берген идеологдордун бири болгону ушул күнгө чейин эл оозунда айтылып жүрөт.

Кызматтык секирик жасаганды кантип өздөштүргөн?

 «Отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс» Аалы Карашев  Атамбаев бийлигине чейинкилер менен да коюн-колтук алышып жүрүп, буга чейинки эки бийликтин башын жутуп, азыркы бийликтен жайлуу ордун тапкан эргул бар. Ар-бир бийликтин айла-амалын, тилин тапкан Аалы мырза убагында Акаевдин-Бакиевдин мезгилинде, ошол учурдагы оппозиционер Атамбаевге каршы ор казып, Атамбаевди сындырууга аракет кылганын баары билет. Бирок учурда Аалы Карашевге Атамбаев, Акаев менен Бакиев бербеген жогорку кызматтарды берди, анысы аз келгенсип жакында эле КСДПнын тизмеси менен ЖКга депутат болуп келди. Анысы аз келгенсип жакынкы күндөрү Спикерликке секирик жасаганы жатканын эшиттик. Карааны көрүнбөгөн, бирок кызматтык секириктерди жакшы өздөштүргөн Аалы мырзанын кандай сыры бар болду экен? Аалы Карашев Кыргызстан үчүн зыян гана келтирбесе, бир дагы жарытылуу иш жасабаптыр. Аргасыздан Аалы мырзанын сыры жеткен кошоматчылыкта же акчанын күчү менен баарын сатып алган деген ойго келет экенсиң…

Ушундай элге каршы иштеген адамды Атамбаев эмнеге жанына алып алганына таң каласың эй…  Буга чейинки эки бийликти аңга түрткөн Карашев жакынкы күндөрү Атамбаевди да аңга түртүп тынбаса эле болду.

Деги биздин президентте принципиалдуулук деген барбы? Эски коррупционер жепжутарларды камагандын ордуна, баарын майлуу-сүттүү кызматтарга дайындап жатканы  эмнеси?

Булак: Чындык

Спикер Чыныбай Турсунбеков креслосунан ажырайбы? Жетинчи кабатта жаз келери менен кадрдык жүрүштөрүн жасай баштайт. Азырынча президенттик аппараттын ичинде гана бул оюн ойнолду. Кийинки кезекте өзгөрүүлөр Жогорку Кеңеште орун алаары белгилүү болду.

 

Төрага Чыныбай Турсунбеков креслосунан жылмышып, анын ордуна Аалы Карашев келе турган болууда. Карашевдин парламентке келиши менен бул өзгөрүү болот деп эбак айтылган. Ошол сөздүн учуру эми келип жеткендей. КСДПнын катарында үн катпай олтурган депутаттардын беш-алтоосуда ордуларын кийинкилерге өткөрүп бере турган чечимге келгени айтылды.

Бул кадам жетинчи кабат парламенттеги абалын жакшыртып, тылын бекемдөөгө барып жатканын айгинелейт. Жогорку Кеңештеги орун алмашуулардан соң күч структураларында дагы эл күтпөгөн алмашуулар болоору тууралуу сөз козголуп жатат дейт. Кадрдык алмашуу менен бул бийлик эптеп жаздан чыгып алса, күркүрөгөн күздөгү шайлоого шайдоот барганы туру.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу