АЧУУ ЧЫНДЫК! Аида Салянова: «Главным «трупоедом» страны был Атамбаев!»

Экс-президент А.Атамбаев өзүнүн “Апрель ТВ” телеканалына барып, бир жарым саат
орусча маек куруп берди. Чынын айтканда, ал жерге актанганы эле барыптыр. Өзү жана анын жакын адамдарынын баары: С.Исаков, И.Илмиянов, К.Кулматов, А.Ибраимов, А.Сегизбаев эле таза, калганы таза эмес экен. Баягыдай эле. Болгону азыр бир “байкуш” болуп сүйлөп атты. Анан дагы өзүнүн сырын айтам деп чынын айтып алды. Парламенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду аябай мактаган, аны баарыбыз эле жакшы билебиз. “Ош коогалаңында эл үчүн туруп берген”,-деген эле, эми болсо «анда анын аты аталган эмес, К.Ташиев, А.Келдибеков, М.Мырзакматовдордун аты аталган. Эгер ага катышса, анда аты аталмак да”,-деди. “Соке досум дайыма жанымда жүргөн”,-деген эле, эми болсо: “Акаевдин убагында өмүрүмө коркунуч туулганда жанымда болгон жок, качып кеткен”,-деди. Кыскасы, “мен президенттик тактыга алып келдим, болбосо аны ким тааныйт эле”,-деп аябай эле досун шыбады. Анда неге шайлоо учурунда ушуларды ачык айтпай, эми айтып жатат? Себеби, өзүмчүл, эки жүздүү киши. Кечээги айтканы менен бүгүнкүсү дал келбейт. Президенттик шайлоодо С.Жээнбековду өткөрүү үчүн аны аябай
эле мактап, жактап келген. Эми болсо аны жамандап жатат.

Атамбаевдин ал маегин көпчүлүк саясатчылар да, коомчулук да жактырган жок. Саясатчылардын баары туура эместигин айтып да, жазып да чыгышты жана дагы дележазышууда. Салянова Аида Жеңишбековна Атамбаевдин маеги боюнча орусча өзүнүн оюн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Биз аны кыргызча котордук, ал мындай:

Тегерек-четин жамандаган кишилерден алыс болгула. Бул жин тоорудай жабышып алат экен. Бүлүндүрүлгөн күчүн айтпа. Өтө кооптуу!

Бул интервью жөнүндө эмне айтса болот?

1. Атамбаев өзү бийликти узурпация кылганын мойнуна алды – чарбалык, тергөө иштерин, сот функциясын каалагандай калчаган экен.

2. Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча – саясый буйрук болгонун танбады. Ал буйрукту берген өзү турбайбы.

3. Туура, Атамбаев кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берген эмес. Дал ошол менин
кызматтан кетүүмө себеп болгон. Ага көрсөтмөлөрдү уга турган өз кишиси керек болгон. Андай көрсөтмөлөрдү кийин мен “өзүмдүн” сот процесстеринен көрдүм го, сотторго эмне тапшырма бергенин көрдүк. Ошол соттор аркылуу анын жакын кишилери акталып кетип жатты да. Прокурорлордун тобокелчиликке барганына, кызылдай эмгегине түкүрүп салган. Акталып кеткендер азыркыга чейин өч алып келишүүдө.

4. Атамбаевди мурдагы “досукелери” сындаганда жийиркенден башка аргаң калбай калат экен. Алар “сынын” уккуң да келбейт. Бирок өзү муну түшүнбөйт көрүнөт. Бу киши менин жакындарыма көп жаманчылык кылып, азабын көрсөттү. Анын көрсөтмөсү менен мага, менин жолдошума, жакындарыма ойлонуп табылган иштер козголду. Анан уялбай “сөөк жегичтер” жөнүндө оозанып коет. Өлкөбүздүн эң башкы “сөөк жегичи” дал ушул Атамбаев болгон. Менин жүрөгүм сезип турат, бу кишинин эң ыплас, эң жаман иштерин угарыбыз бардыр…”,-дейт Аида Салянова.

Аида Жеңишбековна туптуура айтты, Атамбаевдин жалган жалаа менен жасаган ыплас, жаман иштерин жакында угарбыз. Анын чуурулуп чыгаарына аз калды. Кимге кандай жамандык кылса, так ошондой нерсеге кабылат. Кудайдын көзү түз экен, чети чыга баштады. Кызыктар али алдыда. Таба эмес, тобо!

Избегайте общения с людьми, кто винит в собственнных неудачах окружающих. Это заразно. Разрушительно. Иногда опасно!
Что можно сказать об этом интервью?

1. Атамбаев самолично признался в узурпации им власти — присвоении хозяйственных, следственных и судебных функций.

2. По О. Текебаеву — признал политический заказ. И заказчик он.

3. Да, Атамбаев не давал поручений по уголовным делам. И это одна из причин моей отставки. Ему нужен был свой человек, которому можно было давать их в любом количестве. Более того, эти поручения, как потом я убедилась на «своих» судебных процессах, он давал судьям. Ведь через суды избегали наказания и его приближенные. На риск и труд прокуроров ему было наплевать. Оправданные до сих пор мстят.

Когда Атамбаева критикуют его бывшие «дружки», мерзопакостно. Не хочется иметь ничего общего с такой «критикой». Но, похоже, он этого не понимает.
Этот человек причинил много горя моим близким. По его установке было сфабриковано дело против меня, моего супруга, против дяди. И он говорит о «трупоедах»! Главным «трупоедом» страны был Атамбаев! И чувствует мое сердце, что о самых страшных его злодеяниях мы еще услышим…

Булак: ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу