Бакиевдердики делген «Витязь» пансионаты Маданият министрлигине өткөрүлдү

Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун алдындагы «Витязь» мамлекеттик ишканасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлдү.

Тиешелүү токтомго Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Билим берүү» тууралуу Мыйзамдын 32-беренесине ылайык, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жыл сайын мамлекеттик дарылануу-профилактикалык мекемелерде милдеттүү түрдө бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өтүшү керек. Бирок буга чейин Маданият маалымат жана туризм министрлигинде өз кызматкерлерин бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси болгон эмес.

Муну эске алуу менен, «Витязь» мамлекеттик ишканасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүү чечими кабыл алынды.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу