Бай болуунун 10 сыры…

Бай болуунун кандай сыры бар? Бүгүн сиздерге бай болуунун 10 сыры тууралуу кеңешибиз менен бөлүшмөкчүбүз.

1. Ашкана менен кире беришти ар дайым таза кармаңыз. Анткени, кир үйгө эч качан байлык келбейт.

2. Акча салган капчыгыңыз кызыл түстө болуш керек.

3. Айлык алган күнү акчаңызды дароо жок кылганга болбойт. Аны акча сактап жүргөн жериңизге коюп коюңуз. Кийинки күндөн баштап гана керектүү нерселерге коротуңуз.

4. Капчыгыңызга ашыкча нерсе салбаңыз. Ал жалаң гана акча менен банк карталары салына турган жер. Сүрөт, кагаз, кат салуунун кереги жок.

5. Купюраларды чөнтөккө ирети менен бөлүп салыңыз.

6. Акчаңызды эртең менен таза кол менен гана санаңыз.

7. Бай адамдан чоң суммадагы купюра карызга алып, үйүңүзгө сактап коюңуз. Кирешеңиз көбөйгөндөн кийин кайтарып бересиз.

8. Жумушка деген ынтызаарыңызды ойготуңуз. Андан башка дагы бир кесип менен алектенип көрүңүз.

9. Акчаңызды мындай бөлүңүз: 50 пайызын жакшылык иштерге, 20 пайызын алдыңкы күндөргө алып калыңыз, 10 пайызын жашоосу начар жетим-жесирлерге бериңиз, 15 пайызын өзүңүзгө коротуңуз.

10. Көбүрөөк жардам берүүгө аракет кылыңыз, бирок ордуна эч нерсе сурабаңыз жана күтпөңүз.

Мунун баары жалган деп ойлогон чыгаарсыз. Бирок биринчи байкап көрүш керек. Андан кийин өз натыйжаңызды айтасыз. Эч качан кеч деп ойлобоңуз, баарын бүгүндөн баштаңыз. Алдыга койгон кыял, максаттарыңыздын орундалуусуна тилектешпиз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу