Байыш Момунов, ырчы: «Кээ бир аталар ажырашып кетсе эле, баласынан кабар алабай коёт экен»

-Уулум Байэл экөөбуздүн мамилебиз кичинекейинен бери эле  өтө жакшы. Апасы менен ажырашканыбыз эле болбосо, балам экөөбүз кадимкидей эле ата-балабыз, жакын сырдашпыз. Уулум экөөбүздүн мамилебиз “5”. Ал менден эч нерсени жашырбайт, мен да кеңешимди берип турам. Байэл келечектеги мыкты футболист. Оюн учурунда анын чакыруусун четке какпай чогуу барып, ага “дух” берип турам. Мен эле эмес, бир туугандары менен да катташып, жолугуп турушат. Кээ бир аталар ажырашып кетсе эле, баласынан кабар алабай коёт экен. Аларга айтарым: балдарда эмне күнөө?

БУЛАК: Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу