Байсалов «Чып-чындык» деген партияны түзүп алууну Атамбаевге сунуштады…

Акылы тунук, тилинде мөөрү бар Эдил Байсалов бир күнү Лондондо, Түркияда, дагы башка кунү Сеулда… Дүйнөнү түрө кыдырып, эриккенде эски кеги үчүн Атамбаевди «ашатып» коёт. Негизи Сагынбек Абдрахмановдун «чуулганын» Эдике баштаганы, идеолог катары акыл үйрөткөнү жалганбы? Акырында кандай жемишин берери экинчи маселе, бирок, коомчулуктун бүйүрүн кызытышты да. Натыйжада, Байсалов дагы бир кызык билдирүүнү тар чөйрөгө таштады. «Атамбаев КСДПны талашпай эле «Чып-чындык» деген партия түзүп алсын, ансыз деле баары булганып бүттү…» деди. Эми өжөрлөнгөн КСДПчылар «Чып-чындыкты» түзүшөбү, же аягына чейин саясый шоу кылышып, упай топтошобу? Кайсы жагына тараза ташы оойт экен? Кай тарабы утулат? Кеп мына ушунда.

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу