БАЙСАЛОВ ТҮРКИЯГА БАРЫП АТАМБАЕВДИН КАЛПЫН ЧЫГАРГАНЫН БИЛДИРДИ

25-апрелде коомдук ишмер Эдил Байсалов президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда Байсалов президенттин маалымат кызматы 12-апрелде тараткан маалымат жалган экенин, Түркияга барып, президенттин мурунку бизнеси тууралуу маалымат тапканын билдирди.

Журналисттин “Түркияга барып келгенде кеткен чыгымды ким каржылады?”-деген суроосуна төмонкүчо жооп берди.

-“Өзүм жана досторум каржылашты. Бизде патриот мекендештер жетиштүү. Мындан 10, 100, 1000 эсе кымбат болсо дагы, Нью-Йоркто, болсо дагы колубуз жетет. Түркияга кайсы каражатка, кайсы автобус менен, канча акчага барганымды анан айтып берем”,-деди ал.

Ошондой эле Байсалов Кыргызстанда калп айтууга жол бербей турганын кошумчалады.

-“Бул маалыматтар ачык, мен ал жактан барып уурдап, шпион болгон жерим жок. Сиз деле барсаңыз сизге деле берет. Журналистсиңби, саясатчысыңбы деген суроолор берилбейт. Дароо беришкен жок, бир күндө берчү маалыматты мен 1 жумада алдым”,-деди ал.

-Байсалов президенттин маалымат кызматы тараткан “Гүлжанлар” фирмасынын 90 пайызы президентке караштуу болгон, кийин ал “Электромед” болуп өзгөргөн деген маалымат жалган экенин билдирди.

-“Бул жалган экенин далилдедим. “Электромед” деген компания илгертен эле бар”,-деди ал.

-Бул документтер расмий органдан алынган. Мөөрлөр, баары бар. Бул маалыматтар ачык эле. Биз кайра-кайра президенттен расмий басылган маалыматты талап кылып жаттык. Эмне себептен ошол маалыматты жарыялаган жоксуз? Ушул маалыматты өздөрү биринчи эле күнү жарыялашса болмок, анткени бул маалымат өтө жөнөкөй. Жөнөкөй эле компанияны бир канча миллион долларга сатып алып, аны кайра саткан деген маалымат бар. Буларга ошол жерге катышып 35 млн долларга саттык деген маалымат кызык болду.

-Албетте жеке кызыкчылыгым бар. Эгерде Кыргызстандын жаштары, кыргыз эли канын, жанын бир кыялы үчүн берип жатса, менин ичим күйөт. Меники күйбөгөндө кимдики күйүшү керек? Албетте күйөт. Бул жөн гана таарыныч эмес, өлкөдө келечегин көрө албаган жаштарга мындай болбошу керектигин айткым келет. Мен башкача болушу үчүн күрөшөм. Эдиль Байсалов кызматка отурууну каалап жатат деген туура эмес. 2005-жылдан кийин мен кызматка отуруп алдымбы? Же кызмат таап алууга акылым же куулугум жетишпедиби?

-Бирөөнүн чөнтөгүндөгү акчасын же байлыгын санаган жерим жок. Президент Алмазбек Атамбаев өзү бизге жарыялап жатат. Байлыгы өзүнө буйрусун. Ал киши өзү 45 млрд лираны 35 млнго айланткан. Бул менин жарандык милдетим. Элиме калп айтууга мен уруксат бербейм. Чыдабайм. Бийлик калп айтканда биз чыркырап чыгышыбыз керек.

-Президент кечирим сурашы керек. Алар кечирим сурагандын ордуна кайра абалды оорлотуп жиберишти. Атамбаев бай болгонуна байланыштуу эч кандай суроом жок. Атамбаев чынында эле 1990-жылдары Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарында болгон. 1990-жылы болсоң 2003-2010-жылы миллионер болгонсуң дегенди билдирбейт. Эмнеге Атамбаев өзүн бай көрсөткүсү келип жатканына байланыштуу маселе иликтениши керек. Парламенттик комиссия бул ишти иликтеши керек.

-Мен Атамбаевдин байлыгын казууга ниетим жок. Бул үчүн тергөө органдары бар. Учурда Башкы прокурор мурункулардан айрымаланып өзүн ошол эле президенттин үстүнөн тергөө уюштурууга мүмкүнчүлүгү жетет.

-Президенттик шайлоого катышпайм. Бири-бирибизди таарынтпайлы дагы мунун баарын оюнга айлантпайлычы. Мен бийликте отургум келбейт, ишим да жок.

-Мени бул маалыматтарды ачыктадың деп камашса камашсын. Корокпойм. Көргөнүн көрөбүз. Бирок бул математиканын эрежеси, материалдык далилдер бар ошондуктан калп айтууга биз жол бербейбиз.

-Президенттин басма сөз кызматы тарыхта биринчи жолу кечирим сурады. Мындай болуп көргөн эмес. Президенттик басма сөз кызматы кечирим сураган болгон эмес. Бирок кечирим сурап туруп кайра туура эмес маалымат берип жатышат. Алмазбек Атамбаев моралдык-саясий жоопкерчиликке тартылышы керек.

-Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу