Байсаловдун “баасы” бычылбай…

Ушул жигит жаман эрикти. Эриккенден эмне кылаарын дагы билбей калды. Баягы, Эдил Байсаловду айтып атабыз. Кайсы учур болбосун «илибой» жерге эле башын тыгып жүрөт. Бакиев доорунда баш тыга берип, «башымды жарып кетишти» – деп ач айкырык да салып чыккан. Андан соң бюллетень чатагына аралашып, өлкөдөн качып кетти эле. Революциянын желаргысы менен кайра кайтып келип, бир топ кызматтарды аркалады. Амбициясы анан да иш көзүн таба албастыгынын аркасында ал жактардан да сүрүлүп
чыкты. Тили буудай кууруганы менен иш билбесе жаман экен да. Эмне дээриңди дагы билбейсиң.

 

Булак: “Де-Факто”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу