Бай болуу үчүн…

ДНКлардан бай же кедей болору аныкталабы?

Илимпоздор арасында узак мезгилдерден бери байлык ген аркылуу келер келбеси талкууланып жүрөт.

Англиядагы Rognitif борбору бул боюнча жаңы изилдөө жарыялады. Анда бай болуу көп иштөө же жолдуулук эмес, генетикага байланыштуу экени айтылган. Алар бай жана жакырлардын генетикаларында айырмачылык болорун аныкташкан. Адамдын иммундук системасына, жүрөк жана акылга таасир берген 24 ген ошол эле мезгилде байлыкка салым кошуп, бай жана кедейлер ортосунда экономикалык айырмачылыкка себеп болорун белгилешкен.

286 миң англиялыкка генине жүргүзүлгөн иликтөөдө 100 миң стерлингден ашык акча тапкандардын генетикалык түзүлүшү кирешеси төмөндөрдүкүнөн айырмалуу чыккан. Анда гендердин төрттөн үчүнүн акыл менен түздөн-түз байланышы бар экени, физикалык сапаттардын бай болуу мүмкүнчүлүгүнө таасири болору аныкталган.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу