Байлардын мындайда кулагы керең болуп калат

Өлкө карызга батып, кантип кутулуунун аргасын табалбай жатканын айта берип тилдерден жарака кетти. Бирок, коюн-кончуна байлыкты эпчилдик менен толтуруп алгандардын башынан сылап эркелеткен сайын манчыркап кетип баратышат. Негедир өкмөт тараптан да буларга “сый” көрсөтүлгөндөй абал жаралды. Болбосо атайын байларга эсеп ачып каражат чогултулсун деген саамалыкты шап илип алышмак. Демек, куда-сөөктөрү, жарма достору, жээндери мамлекеттен өйдө саналат экен да деген пикир пайда болду.

Ал эми ажобуздун Нарынга болгон сапарынан эмнени байкадык? Албетте, маанилүү кептер, кантип өлкөнү оңдойбуз деген пландар элге айтылды. Кеп оролу келгенде Сооронбай Жээнбеков теңиртоолук байларга, олигархтарга кайрылуу жасады:- “Туулган жериңерге да көмөктөшүп койгонду унутпагыла”-деп. Тилекке каршы президенттин ошол сөзүн кайсыл байлыгына чиренген киши көөдөнүнө сактап, кылайган бир нерсени тартуулар экен деген суроо жоопсуз калат дегенге негиз бар. Аскар Салымбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Шаки, Арстан Алай деген көпөстөр жана башка байлар эски байпагын да ыргытууга көзү кыйбасын билебиз да, же жалганбы? Башка аймактардын бай-бачалары деле бир сомун чыгаша кылгысы келишпейт. Ошондуктан атайын эсеп ачып туруп, шибеге менен сайгылап каражат өөнөш кажет. Ансыз карыздан кутулбайбыз.

Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу