ГҮЛКАЙЫР:“БАЙКЕМДИН КАЙНАГАСЫН СҮЙҮП КАЛДЫМ…”

– Менин атым Гүлкайыр. Бул жашоодо ар бир адамга тагдырдын бере турган шыбагасы кээде ар кандай болсо, кээде окшошуп кетет окшойт. Мен өзүмдүкүндөй тагдырды бир гезиттен окуган элем. Эми өзүм минтип ошол боорум ооруган кыздын ордунда болуп турам. «Оңго кетсең атың өлөт, солго кетсең өзүң өлөсүң» дегендей абалдамын. Кайран ата-энем мени ушундай кыз болсун деп түйшүк тартып чоңойткон эмес да. Муну ойлосом жүрөгүмдө тынчтык жок. Азыр өзүмдүн керт башымды ойлосом ата-энем­дин намысы, ата-энемдин намысын ойлосом өзүмдүн тагдырым талкаланганы турат. Көрсө,сүйүү мага өтө эле эрте келиптир. Ошондо да өзүмдөй жаш, башы бош бирөөнү сүйсөм кана?! Мейли анысына да кайыл элем, же аным бейтааныш бирөө болсочу…

9-классты бүтүрүп окууга тапшырмак болуп үйдөгүлөрдүн кой дегенине карабай Бишкекке келгем. Бул жактан кесиптик лицейлердин бирине тапшырып окуп калдым. Аталаш байкемдин үйүндө жашачумун. Үйдө байкем, жеңем үчөөбүз турчу­буз. Кийинчерээк жеңемдин байкеси аялы менен айылдан келишип, жакында Мос­квага кетерин айтып убактылуу эки-үч жума турушмак болушту. Шаардын жаңы конуштарынын бириндеги жупуну батирде элек. Ошентип бир бөлмөдө чай ичип да, уктап да, кийим которуп да бир аз жүдөй түштүк. Бирок күн өткөн сайын мага жеңемдин байкеси Асылбек ушунчалык келбеттүү, ары адамгерчиликтүү экени байкалып, жага баштады. Аны менен сүйлөшкөн абдан кызыктуу эле. Башынан өткөргөн окуяларын айтып берсе жомоктой туюлчу. Ал сүйлөгөндө кашынын серпилгени, акырын башын кашып алганы, каткыра күлгөнү баары-баары мага сымбаттуу көрүнчү. Барган сайын ага көнүп да бараткам. Окуудан келатып байке үйдө болду бекен деп ойлоно берем. Кечинде жатканда төрдө Асылбек байке, анан анын аялы, мен, жеңем, андан кийин эң четте өзүмдүн байкем болуп жатчубуз. Бир күнү Асылбек байкенин аялы ооруп атканын айтып, эрте эле төргө жатып уктап калды. Жатаарга келгенде аялын ойготуп тынчын албайын деп, Асылбек байке мен жакка жатып калды. Мени кичинекей дештиби, буга эч ким деле көңүл бурган жок. Бир топко уктай албай жаттым. Түн ортосунда тиги байкенин да ойгоо жатканын байкадым. Ичимди өрттөп жаткан сезимдериме каршы тура албай, ага ыктай түштүм. Бир аз таң калгандай болгону менен ал көп деле чоочуган жок. Экөөбүз тиктеше калып, мен анын колунан кармап көпкө жаттым да, жүрүңүз дегендей ишаарат кылып эшикке чыктым. Он-он беш мүнөткө жетпей ал да чыкты артымдан. Обочороок басып барып аны кучактап ыйлай бердим. Бир топко ушинтип турдук. Ага сезимдеримди, үй-бүлөлүү кишини минтип сүйүп калаарымды ойлобогонумду айтып бышактадым. Асылбек байке муну таза, балалык сезимдер деп мени сооротту, бирок биз бирге боло албайт экенибизди түшүндүрүүгө аракет кылды. Мен болсо ал жөнүндө уккум да келбей шолоктой бердим. Москвага кеткичекти анда-санда болсо да жолугушуп турууну сурандым. Кийин таптакыр унутуп, жашоосуна аралашпоого сөз бердим. Ошентип күндөр өтө берди. Эки күндүн биринде эле тамак ичип жаткан кезде эшикке чыгам да ага «маяк» берип коём. Көп күттүрбөй ал чыгат. Экөөбүз бир аз болсо да сүйлөшүп туруп, баары дасторкондон туруп кеткиче билгизбей келип калабыз.

Бир күнү аялы шаардын четинде жашаган эжесине учурашып келээрин айтты. Ал күн мен үчүн майрамдай эле. Асылбек байкени курбу кызымдын үйүнө жолугушууга чакырдым. Түн ортосуна чейин сүйлөшүп отуруп, анан курбу кызым уктоочу бөлмөсүнө кетти. Биз бир бөлмөдө калдык. Ошол түндө мен өзүмдү ага арнадым. Аныма өкүнгөн деле жокмун, тескерисинче аны менчигимдей сезип турдум. Бирок эртеси аны аялы менен чогуу көргөндө ичим туз куйгандай болуп күйүткө чыдай албай, байкемден суранып курбу кызымдыкына кетип калдым. Үч күндөн кийин келсем алар Москвага учуп кетишиптир. Эмне кыларымды билбей үч ай кыйналып жүрдүм. Өзүмдү-өзүм жек көрүп, чүнчүй баштадым. Мунум үйдөгүлөргө да байкалды окшойт, эмне болуп жатканымды такып сурай башташты. Мен өзүмдү алаксытып, ушундай абалдан чыгууга аракет кылып көптөн бери мага үйлөнөйүн деп чуркап жүргөн жигитке макулдугумду берип, турмушка чыгып кеттим.

Жыл айланбай телефон номурумду кайдан алганын билбейм, Асылбек байке чалып калды. Ал-абалды сурашып гана тим болдук. Кийин анда-санда чалмай адатка айланды, мен да сүйлөшүп коём. Ошентип аны такыр унуталбай койдум. Жолдошум экөөбүз кийинки жылы кыздуу болдук. Бирок күйөөмө такыр көңүлүм жок. Асылбек байке чалгандан кийин эле үйдө себепсиз уруш-жаңжал чыгара берчү болдум. Акыры ажырашып тындык. Кийинчерээк башка жигит менен таанышып калдым. Анын көп жерлерин Асылбек байкеге окшоштуруп эле жактырып жүрөт окшойм. Азыр ал менен жарандык никеде жашыруун жашап жүргөм. Муну эч ким билбейт. Жакында жеңемдин байкеси чалып, аялы менен ажырашып кеткенин айтып, мага чогуу турмуш курууну сунуш кылып жатат. Ал менин байкемдин кайын агасы да, эмне кылаарымды билбейм. Муну ата-энем, туугандар, жеңемдин төркүнү угуп калса эмне болот деп сарсанаа болом. Азыркы бала менен эле жашай берейин десем, анын мага үйлөнчүдөй түрү жок. Ушинтип же окуумду бүтпөй, он тогуз жашымда андан жок же мындан жок чайналып ара жолдомун.

Булак:  Леди кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу