Байкабай үй-бүлөлүк бактысын бузган аялдар…

Аялзаты — үй очогу деп бекеринен айтылбай келет. Себеби ар бир үйдүн коломто оту аял кишиге көз каранды. Ошол себептен үй-бүлөлүк турмуш айымдардан сактыкты талап кылат. Жашооңузду бузууга майда-чүйдө нерселерге жол бербесеңиз – сиз өтө бактылуу аял болосуз.

Төмөндө «Islam.today» порталынан алынган пайдалуу малымат берилген. Тагыраак айтканда, кеп үй-бүлөнү бузчу беш учур тууралуу болмокчу.

Көктү самап, күйөөңүздөн көптү талап кылбаңыз.

Түгөйүңүзду барктап, сый көрсөтүп, тапканына ыраазы болуңуз. Күйөөңүз берген акчаны туура коротконду да билгиле. Кимдир бирөөгө караганда бир нерсеңиз кем экендиги тууралуу улам айта бербеңиз – бул эркек киши үчүн эң чоң нааразычылык болуп саналат. Эгер кымбат буюм алууга каражат жок болуп, бирок сиз буга карабастан күйөөңүзгө сүйүүңүзду арнап, сыйласаңыз – ал сөзсүз түрдө жакшы жашоого умтулат

Дайым маанайыңыз чөгүңкү болуп, негатив тартуулап турбагыла.

Бир күнү сизге чачыныз жакпайт, эртеси — үйүңүздүн чачыгы, үчүнчү күнү кошуна менен жумуш кыжырыңызды кайнатат. Күйөөңүз үйгө келери менен сиз ушул сыяктуу терс маалымат менен анын мээсин оорутасыз. Бирок бул, албетте, туура эмес. Себептен акыры сиз түгөйүңүздүн көзүнө бир чоң негатив катары көрүнө баштайсыз. Эркектер көйгөйлөрүн өздөрү чечкенди көнгөн жандар. Аял киши баардыгына нааразы болуп, терс маалыматты түгөйүнүүн кулагына куя бергенде, ал өтө капа болот.  Анткени эркек үчүн жарынын көтөрүнкү маанайы аябай маанилүү. Бирок ал сиздин баардык майда-чүйдө көйгөйлөрүңүздү чече албайт, жыйынтыгында эркек өзүн бактысыз адам катары сезе баштайт.

Күйөөдөн бөлөгүнүн баарын биринчи орунга коюу.

Апаңыз, балдарыңыз же карьера сиз үчүн биринчи орунда болсо, түгөйүңүз кереги жоктугун сезип кыйналат. Ушундай абалда өзүңүздү элестетип көрсөңүз. Мындай көрүнүш сизге залакасын тийгизет беле? Мусулман аял үчүн күйөө – баардыгынан кымбат. Көп жуптарды ажырашууга мажбурлаган нерсе катары – аял кишинин так ушу катасы айтылат.

Жыныстык катнашка баруунун санын кыскартуу. 

Эркек дайым эркеликти, өбүшүүлөрдү, кучактоону самап турат. Андыктан, эгер аял бул куралды туура колдонсо, каалаган максатына жетет.

Маектешүүдөгү кемчиликтер. 

Аялдардын сөздүн четин гана чыгарып сүйлөгөн адаты бар. Бирок баардык эле эркектер мындай көрүнүштү түшүнө беришпейт. Ошондуктан амалданам деп убактынызды бекер коротпоңуз. Түз сүйлөп, жүрөгүңүздү ойуп жаткан нерсе тууралуу ачык жарыялагыла. Эгер күйөөңүз сизге « эмне болду» деген суроо менен кайрылса, ачыгын айтканыңыз туура болот.

Булак: «Кундеми»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу