«Байбатча» Баймуратов баарын «пачактайбы?»

Айрым адамдар өтө жогорку деле кызматка барбай туруп баарын «пачактап» кое алышат. Мындай адамдар бизде өзгөчө адистешип кетишкени жашыруун эмес. Айталы, «Түндүк электр»  Ачык акционердик коомунун жетекчиси белгилүү бир адам экендигин жакшы билебиз. Бирок, ал ишкананын кадр маселесин тескеген Алымбек Баймуратов аттуу «серый кардиналы» бар экен. Баймуратов баш бармагын көтөрмөйүн ал жерде чычкан да жөрмөлөбөйт дешет. Бул мырзанын күчүн ушундан билиңиз, төрага, директорлор кеңеши, айтор жогору жактагылардын баарын «бар ары» деп гана отургузуп коет тура.

Айтор, аталган мекемеде ким төрага болбосун баары бир ал жерде Баймуратов кожоюн деген эле кеп. Тескерисинче төрагалар Баймуратовдун көзүнүн кареги менен айланып, анын башы каякка оосо ошол тарапка талп этип жыгылып турушат тура. Анын айтканы айткан, дегени деген болот. Кыскасы, өзүн кудайдан өйдө сезип алган бул адам тууралуу кызык маалыматтар бар экен.

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу