Базар-Коргондо митинг уланууда

Бишкек-Ош жолунун Акман участкасына тигилген боз үйгө 10-мартта 100дөн ашык адам чогулду. Алар «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын орун басары Дүйшөнкул Чотоновдун камактан бошотулуусун талап кылып турушат. Бул тууралуу Акман айылдык кеңешинин депутаты Шайырбек Калыков «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматы боюнча, 9-мартта облустук ИИБ бир жүк ташуучу жана үч автобус менен алып келген милиция кызматкерлери митингчилерге көзөмөл кылып турушат.

Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен Базар-Коргон районундагы митинг 27-февралда башталган. Алгач райондук акимчиликтин алдында башталган нааразылык акциясы кийинчерээк Бишкек-Ош жолунун боюна көчкөн. Алар Текебаевдин камалышын саясий куугунтук деп аташууда. (RsK/ZKo)

Булак: азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу