Базар-Коргондо депутаттардын катышуусунда Текебаевди колдогон митинг болот

Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг болот. Бул тууралуу окурманыбыз билдирди.

Маалыматка ылайык, ага депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаров катышат.

“Учурда жергиликтүү тургундар чогулуп жатышат. Алар бийликтен Өмүрбек Текебаевди бошотууну талап кылышмакчы”,-деп билдирди окурман.

Биричи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 25-апрелге чейин камакка алган. Башкы прокуратура Текебаевге карата “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ага орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы 1 миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген айып тагылууда. Биринчи Май райондук соту Текебаевди 2 айга камоо чечимин чыгарган. Жактоочулары бул чечим менен макул болушпай Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышкан.

Текебаевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышып, бирок депутаттын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн эмес.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу