Базарга барып оокатынды кылсаң кантет?…

Жалал-Абад облусун башкарган Кыянбек Сатыбалдиев деген бар. Эки жылдан бери республиканын эң чоң облусттарынын бирин жетектеп келе жатат.

Би­рок кылган ишинин дайыны билинбейт. Кумга сиңген суудай ың-жың. Базарда жүрүп алып-сатарлык шыгы менен кызыл кулактык кылып байып, анан акчанын күчү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп, андан ары облус жетектеп кетти.

Өткөндө маалымат каражаттары жогорку билимдүү деген дипломду сатып алганын шардана кылышты. Карачечекей досу айтып чыгыптыр.

Бирок Кыянбек мырзанын мурдун балта кескен жок. Сабатсыз адам жетекчи болуп келип, облусттун иши такыр артка кетти дешип, жергиликтүү тургундар зар какшап айтып жатышат.

Жогорку жетекчилик бул маселеге көңүл буруп, Сатыбалдиевди базарга барып сатуучулук оокатынды кыл дебесе, эл­дин шорун кайнатып жүрө береби?

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу