Базарбай Мамбетов: “Биз «Русгидрону» чанып, чехтерге алданганыбыз чекилик”

Экс-вице-премьер-министр, коомдук ишмер, тажрыйбалуу саясатчы Базарбай Мамбетов
менен Чехиянын ГЭС курууга белсенген компаниясы, бүгүнкү талапкерлер тууралуу
азыноолак маек курдук.
– Базарбай ага, мурда вице-премьер-министр ж.б жогорку кызматтарды аркалап
келдиңиз. Азыр кандай иш менен алексиз?
– Мен азыр пенсиядамын. Көбүнчө эле чет элдик компанияларга, электр энергия, ГЭС,
гидростанцияларды курууга белсенген эл аралык уюмдар менен эксперт катары иштеп
келем, тажрыйбамды колдонуп жатышат. Анан малды, жерди изилдеген компанияларга
кеңешчи болуп иштеп жүрөм. Айтор, жөн отурган жокмун.
– «Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат» деген
макаладан соң «Liglass Trading CZ» компаниясы тууралуу ар кандай пикирлер
айтылууда. Эксперт катары сиздин пикириңиз кандай?
– Чех компаниясы жалганчылыгы көп компания экендиги маалым болуп калбадыбы.
«Начар компания, тажрыйбасы жок» деген кат элчиликтен келсе да биздикилер көңүл
бурбай койду. Уят болдук, «Русгидро» деген чет элдерде аябай көп
гидроэлектростанцияларды куруп жүргөн компаниядан баш тартып, Чехиянын алдамчы
компаниясына кабылып отурганыбыз кейиштүү жана мени өкүндүрөт. Чехияда эч ким
билбеген компания Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорго каражатты кайдан
табаары, фирма кантип бул келишимге жетишип калганы тууралуу суроолорго жооп
изделип жатат. Калганын дагы көрө жатарбыз.

Булак: “Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу