Бажы кызматынын башчылары эмне дейсиңер?

Казак премьер министри Сагинтаев Ереванда өткөн ЕвроСоюздун жыйынында кыргыз бажычыларынын абийирин ачып берди. Бажыдагыларыбыз эле үч жыл ичинде 9.9 миллиард долларды жок кылып коюптур. Кыргызстандын сырткы карызы болгону 4 милларддын тегерегинде. Ошондо тышкы карызыбыздан эки эсе көптү жанагы «Райым миллилон» дегендер жок кылган болобу? Сагинтаевге конкреттүү жообу барбы кыргыз бажычыларынын. Талкан сугунуп алышкандай эле унчугушпайт го. Эмнеси болсо Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылдынар.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу