Бажы кызматында дагы бир жетекчи камакка алынды

Буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын
башкармалыгынын мурунку башчысы “Н.З.” кармалып, тергөө бүткөнчө убактылуу
кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы
күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жетекчи Кылмыш жаза кодексинин 210-221-304-беренелери менен
кармалган.
Буга чейин ушул эле беренелер менен Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук бажысынын
мурунку башчысы Нурбек Айбашев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

БУЛАК:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу