Бажы кызматындагы мыйзамсыз ташылган алтындар..

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанга алтын буюмдарын мыйзамсыз ташуу тыйылбай жатканын билдирди. Бул туурасында парламентте аталган маселеге тийиштүү мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты. Ырасында эле 2017-жылдын алгачкы 3 айында кыргыз мамлекетине буюмдарынын 88 пайызы аткезчилик жол менен киргизилген. Бул деген 10-20 пайыз эмес, дээрлик 90 пайыз дегенди түшүндүрөт.

Демек, бюджетке түшчү миллиондор жеке бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп жатат дегендик. Мыйзамды сыйлаган өлкөдө мындай көрсөткүч үчүн Бажы кызматынын жетекчилиги токтоосуз отставкага кетип, тийиштүү жазасын алмак. Бизде андай деген жок. Деги эле Бажы тармагында жоопкерчилик тарткан жан боло элек. Анан «Раим миллион» дегендер пайда болот да?!

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу